Бишкектин айланасында бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 40 миң сомго чыкты

Бишкектин айланасында бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 40 миң сомго чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Инстаграм аркылуу ижарага турак жай таап берген жарнамалык аккаунттун ээси Албина (фамилиясын атабоону суранды) билдирди. Албина батир Жал кичи районунда экенин, ал жакта баалалар негизи борборго караганда кыйла арзан болчу дейт.

«Бир күндө, болбосо 5-6 саатта эле берилди. Мен нес болуп жатам, адатта кымбат батирлер көп убакыт берилбейт турчу, азыр болсо дароо элек кетип жатат», — дейт Албина. Биздин маектешибиз акыркы аптада Борбор Азиянын ири шаарларында ижара акылары көтөрүлүп кеткенине согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткандардын массалык агымы менен байланыштуу деп эсептейт.

«Бүгүн эле 5-6га жакын адам чет өлкөлүк номерлерден жазып, батир издеп жатканын айтышты. Эми [кымбаттатылган баада] болсо да ижарага бергендер чекеден табылса керек».

Буга чейин кыймылсыз мүлк рыногунда иштегендер соңку аптада Бишкекте батирлердин ижара баасы болжол менен 33%га көтөрүлгөнүн, ижара акылары дагы өсө берерин айтышкан «Клоопко».

Дагы окуңуз: Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекте батирлердин ижарасы 30%га кымбаттады