Бишкекте коомдук транспорттордун жол акысын көтөрүүнү каалап жатышат

Бишкекте коомдук транспортко жол кире дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев«АКИпресс» басылмасына курган маегинде айтты.

Анын айтымында, баа акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөндөн бери күйүүчү майдын, тетиктердин жана башка чыгымдардын баасы өскөн. Ал мындан улам транспорт тармагында «оор кырдаал» жаралганын айтат.

Нусувалиев бүгүнкү күнү жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун өздүк наркы учурдагы тарифтен ашып кеткенин, ошол себептен транспорттук ишканалар айлантууга каражаты жетпей, материалдарга жана айлык төлөөгө карыз болуп жатканын баса белгиледи.

Мындан улам Бишкек мэриясы жол кирени төмөндөгүдөй кылып өзгөртүүнү пландап жатат:

троллейбус жана автобустарга — 15 сом;

маршруткаларда саат 6:00дөн 20:30га чейин —21 сом, 20:30дан 06:00го чейин —32 сом;

№233 жана № 234 экспресс-маршруткаларында— 22 сом, № 123, 226, 252 маршруткаларында —32 сом.

«Коомдук транспортко болгон тарифти жогорулатуу менен бирге тейлөө дагы жакшырат. Тарифти көтөрүү айдоочулардын коомдук транспортто иштешине кошумча шык болот», — деп кошумчалады мэриянын өкүлү.

Ошондой эле Нусувалиев бүгүнкү жол кире наркынан улам айдоочулар шаардык маршруттардан шаар аралык каттамдарга кетип жатышканын айтты. Мэрия тарифти жогорулатуу менен алардын маянасын жогорулатып, айдоочулардын массалык кетүүсүн токтотобуз деп ишендирүүдө.

Коомдук транспортко жол кирени көтөрүү

Бишкек Мэриясы 2021-жылдын сентябрында коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү чечимин кабыл алган. Ошол эле жылдын ноябрында жол кире автобус менен троллейбустарда 3 сомго, ал эми маршруткалардыкы 5 сомго көтөрүлгөн.

Депутаттар тарифтерди жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимди 10 жылдан бери жол кире өзгөртүлбөгөнү менен түшүндүргөн. Бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы жогорулаган.

Ошондон бери маршруттук таксинин айдоочулары тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан.

Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болгон жана беш күнгө созулган. Анда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылып, иш ташташкан. Анда айдоочулар «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө айдоочулар реванш аларын» кошумчалаган.

Натыйжада, маршрутка айдоодон киреше түшпөгөндүктөн алардын айрымдары тек гана каттамга чыкпай койгон. Шаардык кеңештин жыйынында Бишкек шаарында болгону 650 кичи автобус иштеп жатканы белгилүү болду. Ал эми төрт жыл мурда алардын саны 4,5 миң болчу. Коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн Бишкек мэриясы жаңы автобустарды сатып алган, бирок алар дагы эле жетишсиз болууда.