Бишкек: 1-ноябрдан тартып коомдук транспортто жол кире кымбаттайт

Бишкек шаардык кеңеши 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырды. Жаңы тарифтер 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган тарифтик сеткага ылайык, автобус менен троллейбустарда жол кире акысы 11 сом, ал эми маршруткада — 15 сом болмокчу.

Депутаттар тарифтерди жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимди 10 жылдан бери жол кире өзгөртүлбөгөнү менен түшүндүрдү. Бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы жогорулаган.

Акыркы жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорттогу жол кире акысын 2012-жылы өзгөртүшкөн. Анда жол акы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.

Ошондон бери маршруттук таксинин айдоочулары тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан. Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болгон жана беш күнгө созулган. Анда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылып, иш ташташкан. Анда айдоочулар «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө айдоочулар реванш аларын» кошумчалаган.

Натыйжада, маршрутка айдоодон киреше түшпөгөндүктөн алардын айрымдары тек гана каттамга чыкпай койгон. Шаардык кеңештин жыйынында Бишкек шаарында болгону 650 кичи автобус иштеп жатканы белгилүү болду. Ал эми төрт жыл мурда алардын саны 4,5 миң болчу. Коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн Бишкек мэриясы жаңы автобустарды сатып алган, бирок алар дагы эле жетишсиз болууда.