«Эки жолу добуш беришти». ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды

Кемпир-Абад суу сактагычы. Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деди Айдарбеков.

«АКИпресс» маалымат агенттиги президенттин парламенттеги жана минкабдагы өкүлү Алмас Абытовго таянып, комитеттин мүчөлөрү эки ирет добуш беришкенин жазды.

Отурум президент Садыр Жапаровдун «кыргыз-өзбек чек арасы маселеси боюнча талкуу ачык өтсүн» деген тапшырмасына карабастан жабык эшик артында өттү.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурумда эки өлкө чек ара боюнча кандай макулдашууларга жетишкенин айтып берди. Ошондой эле, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирди. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50гө 50 пайдаланат деп ишендирди.

Комитеттин отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.

«Эгер бийлик туура эмес кадамдарга барса, биз ошого жараша жоопту беребиз. Күтпөгөн кадамдарга барабыз. Оюңарга келбеген нерсени ишке ашырабыз. Көрүп жатасыздар, бул жерде эркектер гана эмес, эже-карындаштарыбыз, керек болсо картайган энелерибиз келип отурат. Бүгүнкү бийлик эгер туура эмес кылсаңар бизден катуу жооп аласыңар», — деп убадалашты жергиликтүүлөр.

Аталган макулдашуу долбоору боюнча кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин имаратынан чыгып баратып журналисттерге маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

«Азырынча ачыкка чыгарууга болбой турганын айтканбыз», — деди Ташиев журналисттерге.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда 300гө жакын адам Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип кетүү коркунучу бар экенин айтып митингге чыккан.

4-октябрда митингчилердин алдына президент Садыр Жапаров чыккан. Жолугушуу жарандардын иш чараны уюштуруудагы нааразычылыгы жана суроолоруна жооп ала алышпаганы менен коштолгон.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине интервью берип, талаштуу тилкелердин 99%ы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.