Камила Талиева: Чек ара апаатында кыйраган соцобъектилерге алигиче тендер өтө элек

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү боюнча тендер дагы деле жарыялана элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

«Чек ара апаатында кыйраган үйлөр жана социалдык объектилер боюнча иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иштери башталды, ал эми социалдык объектилер болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөттүн имараты боюнча тендер баштала элек. Мына кылычын кармап кыш келе жатат, [кышка] бир жарым эле ай калды. Тендер өтө элек. Эми качан башталат. Убакыт өтө аз калды», — деп ал өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Депутат Чыңгыз Ажибаев эгер баткендиктерге үй салынып берилбесе, Бишкектеги мейманканаларга жайгаштырууну сунуштады.

«Сентябрда болгон коогалаңда жарадар болгон адамдарыбыздын үйлөрү жараксыз болуп калды. Бүгүнкү күнү мамлекетибизде “Ак-Кеме”, “Достук” деген мейманканаларабыз бар. Ата-апаларабызды бала-чакалары менен убактылуу алып келип жашатып турсак. Эртең кышында кантип жашоого болот», — деп суроо салды депутат.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 432 турак жай, 285 сарай жана чарба курулушу, 6 мектеп, 6 бала бакча, 9 административдик имарат, 26 авто унаа жана башка 171 жашоо тиричилигин камсыздоо объектиси жабыркаган.

Баткенди калыбына келтирүү

22-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда ал чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө калыбына келтирүүгө тапшырма берген.

11-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Капчыгай жана Достук айылдарындагы турак үйлөрдө аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан толугу менен сүрдүрүлөт. Бийлик анын ордуна жаңы үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул чек ара жаңжалында жабыркаган кыргызстандыктарга бирдей шарт түзүү максатында жасалып жатканын президенттин басма сөз кызматынан белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.