Кыргызстан БУУнун адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

11-октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясы БУУнун Адам укуктары кеңешинин 14 мүчөсүн шайлады. Алардын арасында Кыргызстан да бар, ага 126 мамлекет добуш берген.

Адам укуктары боюнча кеңеш БУУнун Башкы Ассамблеясынын органы болуп саналат. Ал айрым өлкөлөрдө адам укуктарынын коркунучтуу жагдайларын чечүү үчүн атайын чукул сессияларды өткөрүп, ошондой эле адам укуктарынын одоно бузулушун иликтөө үчүн көз карандысыз комиссияларды түзө алат. Мисалы, жакында эле Украина боюнча ушундай комиссия түзүлдү. Кеңеш жыл сайын үч жолудан кем эмес жыйындарды өткөрөт.

Кеңештин мүчөлөрү адам укуктарын коргоодо жогорку стандарттарга ылайык иш алып барууга милдеттүү. Эгерде алар адам укуктарын массалык жана системалуу түрдө бузса, анда алардын Кеңештеги мүчөлүгү токтотулушу мүмкүн — ал үчүн мындай чечимди Башкы Ассамблеянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси кабыл алыш керек. Мисалы, Орусия ушул жылдын апрель айында, «согуштук аракеттер учурунда орусиялык аскерлер Украинанын аймагында адам укуктарын одоно жана системалуу түрдө бузганы» тууралуу маалыматка байланыштуу Адам укуктары боюнча кеңештен чыгарылган.

Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары үч жылдык мөөнөттү түзөт. Кыргызстан кеңешке буга чейин эки жолу — 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары мүчө болгон.