«Адилет» укуктук клиникасы: ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору цензурага алып келет

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери «Жалпыга маалымдоо каражатары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун анализин жарыялады.

Документти президенттик администрация иштеп чыгып, сентябрдын аягында коомдук талкууга чыгарган. Анда Жапаровдун администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзамды өзгөртүү сунуштап, ал заманбап реалдуу коомдун талабына ылайык келбей «моралдык жактан эскирди» деп эсептейт.

Юристтердин айтымында, мыйзам долбоору «адам укуктарынын сөз эркиндигинин кепилдигинин мыйзамсыз жана жол берилгис чегинүүлөрдүн олуттуу тобокелдиктерин» камтыйт.

«Мыйзам долбоорунун айрым жоболору көз карандысыз ЖМКнын жана журналисттердин анын ичинде чет элдик ЖМКнын эркин ишмердигине коркунуч туудурат, анын үстүнө мамлекетке ЖМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу жана кийлигишүү үчүн негизсиз эле чоң мүмкүнчүлүк берилип калган», — деп белгилешет уюмдан.

Эксперттер мыйзам долбоорунда «чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын өтө бүдөмүк формулировкалары» камтылган, анда түрдүү негиздер менен талаптарды киргизүү сунушталып жатат. Алар сакталбаса ЖМК жоюлуп кетииши мүмкүн деп эсептешет. Алардын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо татаалдашып, мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар сөз эркиндигин чектөөгө багытталган.

Ошентип, документ чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын жана жарандыгы жок адамдардын ЖМК ачуусуна тыюу салат. Юристтер бул «адам укуктарынын жол берилген чектөөлөрдүн чегинен чыгат, анткени демократиялык коомдо мындай чектөөнүн объективдүү зарылчылыгы жок» деп белгилешет.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда чет элдик ЖМК жана кабарчылар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тараптан аккредитациядан өткөндөн кийин гана Кыргызстанда иштей ала турганы айтылган. Укуктук клиника бул минкаб Кыргызстанда иштөөгө уруксат берген гана чет элдик ЖМК эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн алат деп эсептейт.

«Мамлекеттик бийлик ээлеринин гана кызыкчылыгы үчүн жагымсыз болгон ар кандай маалыматтарды коомчулукка жайылтууга жол бербөө үчүн цензураны орнотуу аракети көрүлүп жатат», — дешет алар.

Аны менен катар, анализде мыйзам долбоору ЖМКнын ишмердигине чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү сунушталып, алардын айрымдары «өтө бүдөмүк сөздөрдү» камтыган, муну менен кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жагымдуу шарттар түзүлөрү белгиленет.

Мындан тышкары, юристтердин айтымында, каттоо органдарына берилчү маалыматтардын саны көбөйгөндүктөн ЖМКны каттоо жана кайра каттоо процедуралары оорлошуп калат.

Ошентип, төмөнкүлөрдү кабарлашы керек болот:

  • басылманын болжолдуу тематикасы (же) адистигин;
  • чыгарылыштардын мезгилдүүлүгү, ЖМКнын максималдуу көлөмүн;
  • каржы булагын;
  • арыз ээси кайсы башка ЖМКнын негиздөөчүсү, ээси, (редакциянын) башкы редактору, басып чыгаруучусу же жайылтуучусу.

Ошондой эле юристтер кыска аралыкта парламент мыйзамды карап, кабыл алышы керек, ал эми минкаб зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл. Ал эми ЖМКлар каттоодон же кайра каттоодон өтүшү керектигине көңүл бурушту. Алардын айтымында, бул президенттик администрация мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууну көздөп жатканын айгинелейт.

Ошентип, мыйзам долбоору парламентке 29-октярдан кеч эмес келиши керек. Эгер мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, 2023-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Муну менен ЖМКнын ишмердигин жөнгө салган мыйзамды карап чыкканга парламент жана башка мамлекеттик органдарга беш ай мөөнө берилет. Ал эми басылмалар 2023-жылдын 1-июнуна чейин, башкача айтканда эки ай мурда каттоодон же кайра каттоодон өтүшү керек болот. Мындай кыска убакыт ичинде айрым ЖМК тийиштүү процедуралардан өтүүгө үлгүрбөй, жоюлуп кетүүсү мүмкүн экенин юристтер моюндашат.

Буга чейин «Медиа Полиси Институту» президенттик администрация иштеп чыккан «Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК)» жөнүндөгү мыйзам долбоорун сынга алышкан. Анда документти иштеп чыккандар учурда колдонуудагы ЖМК жөнүндөгү мыйзам «моралдык жактан эскирип», азыркы коомчулуктун талабына дал келбей калганын билдирген. Юристтер мындай жол менен президенттик администрация документтин чыныгы максатын жашыруу үчүн «жалган фактылар менен апыртуу» менен алек болуп жатат деп эсептешет.

Эксперттердин пикиринде, мыйзам долбоорунун максаттарынын бири — азыркы бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюу. Ошондой эле юристтер сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы бир катар ченемдер Орусиянын мыйзам долбоорлорунан көчүрүп алынганын аныкташкан.

Башкы беттеги иллюстрациялык сүрөт: Татьяна Зеленская.