ӨКМ: Эвакуация болгон 132 миң баткендик кичи мекенине кайтты

17-октябрга карата Баткен облусунан коопсуз жайга көчүрүлгөн 136 миңден ашуун тургундун 132 миңи кичи мекенине кайтканы белгилүү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, баткендиктерди эвакуациялоого мекемелердин дээрлик 8 миң кызматкери жана 416 даана техника тартылган. Алардын 557си куткаруучулар жана 95и ӨКМдин техникасы болгон.

«Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларда 292 жаран жайгашышкан, алардын 11и Ош шаарында, 11и Жалал-Абад облусунда, 15и Ысык-Көл облусунда, 71и Чүйдө, 164ү Баткен облусунда. Ал эми жарандардын үйлөрүндө 4 миң 497 жаран жайгашкан», — деп билдиришти мекемеден.

ӨКМдин маалыматына ылайык, айыл өкмөт башчыларынын өтүнүчү менен 51 мобилдик, 40 кийиз үй жана 25 боз үй орнотулган.

Баткенди калыбына келтирүү

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда баткендиктердин көбүнүн үйлөрү кыйраган. Ошондуктан алар башка жарандардын үйлөрүндө жана мобилдик үйлөрдө жашоого мажбур болуп жатышат.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда ал чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө калыбына келтирүүгө тапшырма берген.

11-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Капчыгай жана Достук айылдарындагы турак үйлөрдө аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан толугу менен сүрдүрүлөт. Бийлик анын ордуна жаңы үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул чек ара жаңжалында жабыркаган кыргызстандыктарга бирдей шарт түзүү максатында жасалып жатканын президенттин басма сөз кызматынан белгилешти.

Ал эми 9-сентябрда минкаб «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» (МИК) уставдык капиталдын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоону сунуштаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.