КР Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик техника боюнча билдирүүсүн четке какты

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын УКМКсынын кыргыз тарап келишимди бузуп, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арага аскердик техникаларды тартып келип жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Тажик УКМКсынын билдирүүсү Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» маалыматтык агенттигине жарыяланган.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы «Тажикстандын Чек ара аскерлери атайылап маалыматы бурмалап, чек арага канаттташ жашаган калктын мыйзамсыз иш-аракеттерге баруусуна аракет кылышууда» деп эсептейт.

«Автотрал менен техниканын алынып өтүшү тартылган сүрөттөрдү жарыялоо буга мисал боло алат. Тажикстандын УКМК Чек ара аскерлеринин Согди облусу боюнча башкармалыгы бул сүрөткө комментарий берүүдө кыргыз тарап Баткен облусуна аскердик техниканы ташып жатат деген божомолду ойдон чыгарып айткан, ал эми чындыгында болсо бул сүрөт 2022-жылдын 21-22-сентябрында техниканы чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагын көздөй ичкери киргизип, туруктуу жайына ташып кетүүдө тартылган», — деп билдиришти Кыргызстандын Чек ара кызматынан.

Ведомство тажик тарап «Тажикстандын чек арага канатташ аймактарында чек араны күчтөндүрүүгө боюнча өзүнүн иш-аракетин Кыргызстандын чек арачыларына оодарып жатат» деп эсептейт.

«Алсак, 25-сентябрдан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап жатат: жергиликтүү калк окопторду, Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттик чек аранын периметрин бойлой траншеяларды казууда. Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иш-аракетин жасап дрондор колдонулгандыгынын 10дон ашуун фактысы катталган», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Кыргыз чек арачылары Тажикстандын жарандары Кыргызстандын чек арага жакын айылдарындагы үйлөрдү өрттөөгө аракет кылышканын да белгилейт.

«26-сентябрда чек арага жакын жерде тажик аскерлери тарабынан коюлган гранатага тажик жараны жарылгандыгы Тажикстандын аскерлери кезектеги чыр-чатак катталган учурда өз аймактарына чек арага мина коюп кире качканга даярданып жатышкандыгынан кабар берет. Жагдайды териштирүү учурунда кыргыз тараптын жарандарынын же аскерлеринин буга тиешеси бар экендиги аныкталган эмес», — деп белгиледи Чек ара кызматы.

Чек ара кызматы тажик кесиптештери «фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын пресс-релиздерин колдонуп, болгону андагы республикалардын атын айырбаштап, “тажик” деген сөздөрдү “кыргыз” деген сөзгө эле алмаштырып коюп жатышат» деп эсептейт.

«Тажик тарап ЖМКда жана социалдык тармактарда кыргыз тарапка чабуул коюуну улантып, аскерлерди жана техникаларды чек арага канатташ аймактарга ташуу жөнүндө видеону ачык жарыялоону улантып келет. Мындан тышкары, жакын арада эле милициянын аттуу-баштуу кызматкери Тажикстандын ички иштер министринин атынан аскер кийимин кийген белгисиз адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга жана чек арада жагдайга бүлүк салууга чакырык жасоо менен кайрылган видео жарыяланган», — деп билдиришти кыргыз Чек ара кызматынан.

Кыргыз чек арачылары тажик тарап «өздүк курам жана курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн» мечиттерди пайдаланып жатканы боюнча далилдер бар экенин кабарлайт.

«Тажик тарап кезектеги чек ара чыр-чатакка катализатор боло турчу иш-аракеттерди жасоону улантып жатат. Чек ара кызматы тажик тарапты кезектеги чыңалуу очогуна алып келе тургудай болгон эки өлкөнүн калкын адаштырууну, жай тургундарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шыкактоону токтотууга чакырат», — деп жыйынтыкташты чек ара кызматынан.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.