Өзгөн: Төрөтканада каза болгон 37 жаштагы кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча териштирүү башталды

Маркумдун жакындары төрөттү кабыл алган дарыгерлер «эч жакка жумушка алынбасын» деп талап кылышты. Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусунун Өзгөн районунда 37 жаштагы кош бойлуу аял төрөтканада каза болгон. Маркумдун жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап жатат. Ал эми милиция алардын арыз-доосу жок экенин айтууда. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги бул факт боюнча териштирүүнү баштады.

Эмне болду?

Маалыматка караганда, окуя 25-сентябрда болгон. 37 жаштагы Жаннат Сатыбалдиева ай-күнүнөн ашканына байланыштуу төрөтканага келген.

Сатыбалдиеванын жакындары «Турмуш» басылмасына берген маегинде аял толгоону чакыруучу укол алган соң каза болуп калганын айтышты.

«Төрөттү чакыруучу укол сайганга чейин жарым кружка суу бердим. Акушер мага чыгуум керектигин айтты. Ал учурда жеңемдин абалы жакшы болчу. [...] Кийинчерээк келсем жеңем көгөрүп, кырылдап жатыптыр. Анан алар [дарыгерлер] “операция кылыш керек” деп калышты. Көтөрүп жатканда аппаратынан үн чыгып кетти. Ошондо эле жеңемдин жаны үзүлгөн окшойт. Кечки саат 18:00 чамасында шашып-бышып операцияга алып кирип кетишти. Анан ошол боюнча саат 00:00дө “сабыр кыласыңар” дешти. Кыскасын айтканда, бул шалаакылык», – деди маркумдун кайын сиңдиси Гүласел Мусаева.

Маркумдун жолдошу Каныбек Мусаев дарыгерлер анын келинчегине толгоону чакыруучу уколду «терс реакция кылганына карабастан» кайрадан колдонушканын айтты.

«Төрөтканадагы эки аял таптакыр мени жолотпой коюшту. Мен жамандабайм. Эгер дарыгерлердин иши туура келбесе, карай алышпаса, карай ала турган бирөөнү жанына коюп койбойбу! [...] Булардын айласы кетип, травматологду чакырышкан. Эч ким эч нерсени билбей жатышат. Бул шалаакылыктын айынан болду. Алар реакция берип жаткан уколдон дагы сайып ташташкан», — деди Мусаев.

Сатыбалдиеванын жакындары аялдын төрөтүн кабыл алган дарыгерлер «эч жакка жумушка алынбасын» деп талап кылышты. Ошондой эле «мындай учурлар кайталанбашы үчүн төрөтканага камераларды орнотуу зарыл экенин» белгилешти.

Ал эми райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Аида Начиева «аялдын өлүмүнө толгоону чакыруучу укол себеп болгонуна кошулбай турганын» билдирди.

«Уколду алгандан кийин аялдын абалы оорлошуп, бат эле 20 мүнөттүн ичинде каза болуп калган. Азыр “уколдон реакция жүрүп кетиптир” деген кеп-сөз тарап жатыптыр. Бирок биз буга кошулбайбыз. Бул уколду көпчүлүгү эле алып жүрөт. Андай реакция катталган эмес, андай болушу мүмкүн эмес. Биз ал келгенде эле диагноз койдук. Кан уюп, кан тамырда тромб пайда болуп, ошол тромб өпкөгө барып калган учурда да ушундай болот деди», — деди ал.

Ошондой эле ал окуя катталган күнү нөөмөттө турган дарыгер жана акушер жумуштан алынганын кошумчалады.

Ал эми Өзгөн районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунан «Клоопко» маркумдун бейтаптык тарыхчасы иликтенип, териштирүү жүрөөрүн убадалашты.

Маркумдун артында 2 уул, 2 кызы калды.