Москвада сакталып жаткан архивдик документтердин жардамы менен кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 19-октябрдагы отурумунда билдирди.
Ал учурда, дүйнөлүк тартип өзгөрүп жатканда, чечим кабыл алуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров аймакта калктын саны өсүп жатканын түшүнгөндүктөн чек ара боюнча бардык талаштуу маселелерди «кийинки муунга калтырбастан» чечүү ниеттенет.
Ал Кыргызстан төрт кошунасынын экөө менен чек арасын такташканын эске салды. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара толук аныктала элек. Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр, бийликтин айтымында, аягына чыгып калган болсо, Тажикстан менен чек аранын 300 киллометрден ашыгы аныктала элек жана ал жерлерде маал-маалы менен жаңжалдар болуп турат.
«Кыргыз-тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы да өз позициясын билдирди. Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасындагы жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп, каралат жана алар тастыктап беришсе, буюрса, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындаган болот элек деген ойдобуз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракеттерибизди жумшайбыз», — деди минкабдын төрагасы.
Мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада кыргыз-тажик чек арасы боюнча ишенимдүү маалыматтар бар болушу мүмкүн деген.
«Биз эч кандай ортомчулук ролго талапкердик кылган жокпуз, ачыгын айтканда, бизден суранышты, эки тарап тең маселени чечүүнүн жолдорун ар бири өз алдынча сунуштамай болду. Биз бул сунуштарды жөн гана баалап койбостон, алдыдагы сүйлөшүүлөргө негиз боло турган биздеги документтерди да колдонгонго аракет кылабыз. Анткени Москвада бул союздук республикалардын өзүндө жок маалыматтар бар. Ошол документтерди, карталарды көтөрөбүз анан кызматташтар менен биргеликте чечим кабыл алабыз», — деген ал.
Ошондой эле өкмөт башчысы парламент депутаттарына кыргыз-тажик чек арасында акыркы жолу болгон куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди. Ал чек арадагы кагылышуудан кийин мамлекет Баткен облусунда куралдуу күчтөрдү күчтөнтө турганын, ошондой эле жарандардын даярдыгын күчөтүү жана мектептерге аскерге чейинки даярдыкты кайтаруу үчүн жергиликтүүлөрдүн өзүн-өзү коргоо ыкмасын өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.
Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 киллометр, учурда анын болгону 600 чакырымы такталган. Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы тилкелер талаштуу бойдон калууда.Бирок чек ара сызыктары тактала элек болуп жаткандыктан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда утур-утур жаңжалдар чыгып турат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы эң акыркы ири кагылышуу 14-17-сентябрда Баткен облусунда болгон. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.
Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.