Бийлик жашыруун шартта Өзбекстанга берүүгө камдап жаткан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерлер документтер боюнча талаштуу жерлер эмес. Бул тууралуу 20-октябрда парламент жыйынында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактыруу чечимине кол коюудан баш тарткандыгы үчүн кызматтан алынган Эл аралык мамилелер боюнча комитеттин экс-төрагасы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Комитет кабыл алган чечимдин эң талаштуу бөлүгү Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүү мүмкүндүгү болууда..
«Дагы бир жолу айтам,[Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча келишимдин долбооруна кошумча] документтер толугу менен берилген эмес. Мен аларды мурдагы күнү эле көрдүм жана бул документтер боюнча суроолор бар. Бул бизге документтер берилбегенине себеп болгон деп ойлойм. Өзгөчө суу сактагыч боюнча… Бардык тарыхый документтер боюнча ал биздин жер болгон», — деп келтирет Айдарбековдун айткандарын «АКИпресс» басылмасы.
Мурдараак, парламент комитетинин экс-төрагасынын айтымында, парламентке чакырылган эксперттер менен аксакалдар дагы депутаттарга ушул эле документтерди айтып эскертишкен.
«Биздин ачык отурумга аксакалдар, эксперттер, мурдагы спикерлер, Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары катышты — деген Айдарбеков 17-октябрда “Жаңы жүздөр” басылмасына берген интервьюсунда. — Көп пикирлер айтылган, анын ичинде карама-каршы мүнөздөгү ойлор дагы. Ал кишилерди угуп жатып, өзүңө суроо бересиң: “Чынында эле баары буга чейин кол коюлуп, каттоого алынган тарыхый документтерге дал келеби же жокпу? Буга баа берүү үчүн өзүбүз ал документтерди карап чыгышыбыз керек. Бирок, бизге ал документтерди беришкен жок».
Айдарбеков кайсыл тарыхый документтер тууралуу сөз болуп атканын тактаган жок, бирок 17-октябрда алар тууралуу Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Акыл Айтбаев «Клоопко» кеңири айтып берген.
«Кемпир-Абад суу сактагычын курууга бөлүнгөн 5731 гектар жер Кыргыз ССРнин министрлер советинин 1965-жылдын 22-октябрындагы №475 токтому менен берилген, — деп эскерди ал. — Бирок Өзбек ССРнин сол жээктеги Кемпир-Абад каналын жана коллектордук-дренаждык тармагын куруу боюнча милдеттемесин аткарбай койгондуктан, КССРнин Министрлер совети [1975-жылы] №74 жаңы токтом кабыл алган — ал КССРнин Ош облусундагы чек арасына суу сактагыч курууга делген жерди кайтарып Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРнин республикалык чек арасын өзгөртүүсүз калтырган».
Айтбаевдин айтымында, 1990-жылдары Кемпир-Абад жактагы Өзбекстан менен чек ара Советтер Союзуна кирген мурдагы өлкөлөр тарабынан таанылган.
«Эгер мындан да эски документтерге кайрылсак, СССР таркагандан кийин андагы республикалар Алма-Ата жана Минск декларациясын кабыл алышкан, — деп тизмектейт эксперт. — Анда бардык республикалар бири-биринин суверенитеттүүлүгүн жана ошол кездеги чек араларын тааныган. Бул декларация бардык республикалард ратификацияланган жана юридикалык күчкө ээ. Ал документтер Кемпир-Абад — биздин, кыргыз жери жана анын айланасында эч кандай талаш жок экенин далилдеп турат».