Жогорку Кеңештин депутаттары 20-октябрдагы жыйында Баткен жана Ош облусунун чек арага жакын аймактарында жашаган тургундарына «өзгөчө абал» учурунда курал-жарак берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун кабыл алууга 63 депутат макул, 3 депутат каршы добуш берди. Жыйын жабык эшик артында өттү.
Өзгөртүүлөр «Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө», «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Курал жөнүндө» жана «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзамдарга кабыл алынды.
18-октябрда Жогорку Кеңештин комитеттери Баткен жана Ош облусунун чек арага жакын аймактарында жашаган тургундарына «өзгөчө абал» учурунда курал-жарак берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 22-сентябрда коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Улан Бакасов чек арадагы райондордун тургундарына курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнүн зарылдыгы тууралуу факторлорду жазган.
Депутат мындай себептердин бири — бул Борбор Азиядагы эл аралык терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучу деп эсептейт. Ошондой эле, эл өкүлүнүн айтымында, чек арада жаңжал чыгып кетүү коркунучу жана да улуттук коопсуздук тобокелчиликтери бар.
Документте курал-жарак 20 жашка чыккан, чек арага жакын райондордун тургунунун өмүрүнө жана ден соолугуна сырттан кооптуу жагдай туулган учурдагы коопсуздук эрежелери боюнча окуудан өткөн жарандарга берилет деп айтылат.
Депутаттар 2021-жылдын май айында дагы чек арада жашаган жарандарга ыйгарым укуктуу чек арачы макамы менен курал берүүнү сунушташкан. Андан кийин 2021-жылдын сентябрында «Чек арага ыыйгарым укуктуулар жөнүндөгү» мыйзамга өгөртүү киргизип, мындай макамга ээ болгон кыргызстандыктарга мамлекеттик чек араны коргоо маалында курал колдонууга уруксат берилген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы эң акыркы ири кагылышуу 14-17-сентябрда болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан. Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.
20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.
Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.