Өлкөдө 20дан ашык оппозициячыл саясатчы жана активист «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча кармалды.

Алардын баары буга чейин бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн сынга алып жатышкан. Кармалгандардын бир бөлүгү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү. Комитет өзү 22-октябрда түзүлгөн.

ИИМден тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынганын» билдиришкен.

«Кылмыш ишинин алкагында фигуранттар жашаган жерлерде тинтүү жүргүзүлүп, кармоо ишке ашырылды», — деп айтылган мекеменин пресс-релизинде.

Кийинчерээк соцтүйүндөрдө кармалган саясатчылар менен активисттер ири масштабдуу митинг уюштурууну талкуулап жатат делген үн жазмалар тараган. «Клооп» үн жазмада эмне жөнүндө сөз болуп атканын текстке түшүрдү.

№1 аудио. Бул аудио тасмада мурдагы депутат Асия Сасыкбаева менен Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров сүйлөшкөн делип жатат.

Сүйлөшүү Сасыкбаева экени айтылган аялдын «болгон инструменттердин баарын колдондук, бир гана ири масштабдуу митинг калды» деген сөзүнөн башталат.

«Биз келечекти ойлойлу биз. Эмне үчүн биздин бийлик дайыма сатылма бийлик боло берет? Эмнеге биз дайыма саткын бийликти тандайбыз? Ошондуктан азыр бир эле жолу — ири масштабдуу митинг, мен, мисалы, башка эч кандай жолун көрбөй жатам да. Сабайбы, колубузду сындырабы, бутубузду сындырабы…», — дейт Сасыкбаеванын үнү делген аялдын үнү. Ал эми Бекназаровдун үнү делген эркек киши аны «радикалдуу жол» деп атаган. Ал митинг эмес, курултай өткөрүүнү сунуштаган.

«Биз бир гана курултайдан көрүп турабыз. Кылкылдатып мен 10 миң кишини алып келем, ошол күч болот. 50-30 адам менен кыйкырып турган эч нерсе буларга таасир этпейт», — дейт Бекназаров делген киши, учурда чоң митинг үчүн күч жетишсиз экенин кошумчалап.

№2 аудио. Бул үн жазмадагы үндөр дагы Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев менен Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановго таандык делет. Бул үн жазманы Твиттерде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бөлүшкөн.

Кеңешбек Дүйшөбаев делген адамдын үнүнө ылайык, «бул бийлик баягы финалын жакындатып, тездетип алды».

«Революция кылабыз дегенге аракет кылалы. Бирок бүгүнкү күнү ошол маселелер кандай чечилет биздин демибизден, биздин эрдигибизден, эми кандай чогу иш алып барабыз ошондон көз каранды. Ошондуктан, азыр бул жерде катышып жаткан ар бир адам, өзүнүн позициясын так айтып койсо. Анан кийин жанагы штаб боюнча эл менен бирге аракет кылуу боюнча сүйлөшөбүз», — дейт үн жазмадагы киши.

Ага Асанов делген киши ал митинг, акция же марш деп аталабы маанилүү эмес, эң башкысы — «тобокелчиликти алып иштели» деп жооп берген.

«Чабышсак, чабышалы, конкретно ары же бери. Кимдир бирөө мойнуна алышы керек. Максималдуу түрдө чабышып көрөбүз, талаада калгыдай. Эми ушундай эле да, утулабыз, жутабыз. Камалабыз же аларды камайбыз. Эки эле вариант бар», — дейт аудио тасмадагы үн.

№3 аудио. Мында экс-депутат Кубанычбек Кадыров, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров делген кишилердин сүйлөшүүсү жазылган.

Кубанычбек Кадыров делген киши эки-үч күндүн ичинде биригүүгө даяр болгон саясатчылардын айрым топтору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

«Менин сунушум — БДКнын (Бириккен демократиялык кыймыл) үстүнөн биригебизби, ошол саясатчылар, же өзүнчө бир коом түзүп туруп, 2-3 күндүн ичинде баарыбыз билдирүү жасап, биригип эле иш башташ керек. Бир гана митинг өткөрүш керек, коркпош керек. Бирок, азыр да митинг кылып жүрөбүз, канчадан бери ээ, баарыбыз кооз сүйлөйбүз, Азимбек [Бекназаров] байке туура айтып атат, келгенде 5 киши алып келбегендер келет. Ошон үчүн жоопкерди табыш керек, ким 10 киши алып келет, уялбай эле 10 киши алып келе алат, ким 100 киши алып келет, ким 500 киши алып келет, ким 200 киши алып келет деп. Башташ керек, митингди башташ керек, эл дагы башташ керек, митингди баштабаса болбойт, иш бүтпөйт», — деген ал. Ага Жеңиш Молдакматов делген киши азыр эл биригүүнү күтүп жатканын айтып жооп берген.

«Биз бийликке бир жакшы талап коюп келебиз — реалдуу болгула, реалдуулуктан качпагыла деп. Бирок ушул жерден көрдүм, биз өзүбүз дагы реалдуулуктан алыс турабыз да. “Митинг-митинг” дейбиз, 15 миң киши чыгарабыз дейт, 800 кишини портерге жүктөп келебиз. Ар кимдин көз карашы ар кандай, партиянын өкүлдөрү отурат, уюмдун өкүлдөрү отурат, жөнөкөй активисттер отурат. Мен ойлойм, бүгүнтөн калбай комитет түзүлүшү керек. [...] Адамдар чыгалы, баарыбыз бир отуралы, көз карашыбыз [төп] келеби, эскиби, жаңыбы, өзгөчө жаштардын арасынан чыгып атат туугандар», — деген ал. Адахан Мадумаровдун үнү деп белгиленген киши кайрылуу-каты даярдаларын айткан.

«Мындай кылалы, эртең дүйшөмбүгө чейин Равшан [Жээнбеков] мырза, Мамбетжунус [Абылов] мырза, Клара [Сооронкулова] айым, мына ушул беш киши, биз айткан кайрылууну даярдашы керек. Дүйшөмбү күнү ошол жарыяланып кеткендей болсун. Биз ишенебизби бешөөнө, [жанында бирөө жооп берип жатат: “ооба, ишенебиз”] ушулар биздин атыбыздан жарыялаганга [уруксат беребиз]», — деген Мадумаров делген киши.

Жыйынга катышуу — кылмыш эмес

Азимбек Бекназаров соцтүйүндөргө тараган үн жазмалар боюнча комментарий берип, алардын бири өзүнүн үнү экенин тастыктады.

«Мени чакырышты. Биз Кемпир-Абадды кантип сактоону сүйлөштүк, болду. Алар дагы чогулуш уюштуруп, дежурларды келүүгө мажбурлап жатышат, бирок ал кылмыш болуп саналбай эле. Интернетке тараган аудиодо Жогорку Кеңешке жана президентке кантип таасир этиш керек экенин айтып жатам. Бири митинг, пикет, экинчиси курултай дейт. Мен Жогорку Кеңеш менен президентке таасир этиш керек экенин айттым», — деп түшүндүрмө берди саясатчы.

Ал эми активист Чыңгыз Капаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып массалык кармоолорду репрессия деп атады. Ал жолугушуудан жаздырылып соцтүйүндөргө тараган бир нече аудиодо бийликти басып алуу тууралуу сөз болбогонун айтты.

«Мени катышуучу катары чакырышкан, маалымат алуу үчүн бардым. Ал жерде Кемпир-Абады бербөө үчүн президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу тууралуу сөз болгон», — деди ал.

«Пикир алмашуу»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев үн жазманы жөн гана «пикир алмашуу», «бийликти басып алууга даярдык эмес» деп эсептейт.

«Саясатчылар менен активисттердин жолугушуусунан бир нече аудионун үзүндүсүн уктум. Албетте, иш үчүн керектүү сөздөрдү кесип алышкан. Бирок бул пикир алмашуу, талкуулоо. Бул бийликти басып алууга даярдык эмес. Аудионун кесиндилерине ишенбейм. Мындан бир жыл мурун УКМК мага каршы да монтаждалган видеону чыгарышкан», — деп жазды эл өкүлү. Укук коргоочу Динара Ошурахунова дагы үн жазма керектүү жеринен кыркылып алынганына күмөн санабайт.

«Эмнени гана кесип, монтаждап койсо болот. Рита [Карасартова] же Гүлнара [Журабаева] бийликти басып алалы деп жатышыптырбы?» — деп суроо салды Ошурахунова.

Ал эми Эдил Байсалов Ошурахунованын комментарийине жооп берип, жарыяланган үн жазсамы монтаж эмес деп билдирди.

«Бул үзүндүлөр эмес экенин сен жакшы билесиң. Бетиме эле айтышкан бийликтин иши бүтөт жакында деп. Албетте, айрымдарына бооруң ооруйт. Асия [Сасыкпаева] менен Гүлнара [Журабаевага]. Кемпир-Абад кайда экенин билип-билбей эле, карыганда үйүндө эле отура беришпейби», — деп жазды минкабдын төрагасынын орун басары. Соцтүйүнгө тараган аудио боюнча Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова үн катты. Ал кармалгандар боюнча «коомчулукта терс пикир» жаратууда деп билдирди.

«Соцтүйүндөр жана мессенжерлерде кармалгандарга карата айыптоочу маалыматтар кеңири тарап жатат. Бул күнөөсүздүк презумпциясы кепилденген адамдарга карата терс коомдук пикирди пайда кылуу аракети болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы ачыкталган маалымат тергөөнүн сыры болушу мүмкүн деп кооптонууда. «Бул терс калыптанып калган коомдук пикирдин басымы алдына кала турган сот чечимдерин алдын ала аныктап коёт», — деп эсептейт Абдрахматова.