ИИМ: Кармалгандарга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» боюнча кылмыш иши козголду

Кармалган активсит жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган», — деп белгилешти милициядан.

ИИМ кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн үйүндө тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Министрликтен кайсыл саясатчы жана активситке иши козголуп, кармалганы тууралуу ачыктаган жок. Бирок бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Активсит, саясатчыларды кармоо

23-августтун таңында милиция кызматкерлери активисттердин, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө алып, айрымдарын милицияга суракка чакырышкан.

Азыркы тапта активист Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Эрлан Бекчороев, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, саясатчы Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбековдун үйү тинтүүгө алынып, укук коргоо органдары тарабынан кармалганы айтылды.

Ал эми мурдагы элчи Азимбек Бекназаров, саясат талдоочу Айданбек Акматов жана журналист Канышай Мамыркулова суракка чакырылганы белгилүү болду.

Тинтүү жүрүп жаткан учурда тартылган видеодон милиция кызматкерлери үйдүн бардык жерин карап, телефон, ноутбук, компьютер, флешка өндүү маалымат ташуучу каражаттарды издешкенин көрүүгө болот. Милиция бардык каражатты текшерерин айткан.

Активист Гүлнара Журабаева тинтүү жүргүзүлгөнүн активисттердин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгону жана аны коргоо боюнча комитет түзгөнү менен байланыштырды.

Бишкектеги жыйын жана президенттин эскертүүсү

Буга чейин, 20-октябрда президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте активисттер жана жарандар менен жолугушуу уюштурган.

Жыйын учурунда Ташиев «мамлекеттик кызматта болбогондо, аны негизсиз сындап, ар-намысына шек келтирген айрым адамдардын оозун жарат элем» деп айтып, «беш-алты кишини каттап койгонун» белгилеген.

«Кийин (Ташиев эмнеден кийин экенин ачыктаган жок) бир-экөөнүн оозун жарам», — деген ал жылмайып.

22-октябрь күнү президент Садыр Жапаров суу сактагыч боюнча билдирүү жасаган. Ал Кемпир-Абад маселесин «айрым адамдар чоң саясатка айлантып жатат» деп эсептеп, активисттердин «бийлик Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип жатат» деп айтканын «акмакчылык» деп атаган.

Ошондой эле өлкө башчысы Кемпир-Абад боюнча жөө жүрүш, митингдерди кимдер «айтайын уюштуруп жатканын» билерин кошумчалаган. Ал «чагымчылдар элди тескери жака бурууга аракет жасап, аша чаап жатышат» деп эскерткен.

Тема боюнча:

«Буйтактап». Жапаров менен Ташиев Кемпир-Абадды берүү зарылдыгын элге кантип түшүндүрүп берди?