Депутат Айжигитов: Баткенде Капчыгай айылын калыбына келтирүү иштери кечиктирилип жатат

ЖКнын депутаты Султанбай Айжигитов

Баткен облусунун Капчыгай айылындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечиктирилип жатат. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов 26-октябрдагы парламенттик жыйында билдирди.

Депутат чек ара жаңжалында «душмандар тарабынан» талкаланган айылды калыбына келтирүү үчүн акча бөлүнгөнүнө карабастан курулуш компаниясы ишти создуктуруп жатканын айтты.

«Президент менен министрлер кабинетинин төрагасы барганда эки айда калыбына келтирип беребиз дешкен. Акчасы бөлүнгөн, курулуш компаниясы аныкталган. Бирок бир ай өттү, эч кандай иш жүргүзүлбөй жатат. Себеби, Бообек деген киши бар. Ал жалданмачы болуп утуп алып, объектти башка жалданмачыга (субподрядчик) бериптир. Кийинкилер дагы башка жалданмачыларды издеп, бир айдан бери соодалашып жүрүшөт. Иш качан башталат? Ушул ишке көңүл буруңуздар», — деп билдирди Айжигитов.

Капчыгай айылында куралдуу жаңжалда талкаланган үй. Сүрөт: Бакай Алмаз/Kloop

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттигинен «Клоопко» чек ара жаңжалынан жабыркаган турак-жайлардын курулушу жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда Баткен облусундагы жабыркаган аймактарда жалпысынан 157 турак үйдүн пайдубалынын курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 107 бүткөрүлдү. Ошондой эле 4 үйдүн дубалы тургузула баштады.

Агенттиктен Капчыгай айылында 31 үйдүн пайдубалынын курулушу башталып, алардын 8и бүткөрүлгөнүн маалымдашты.

Арка айылында 20 үйдүн пайдубалынын курулушу башталып, алардын 6сы бүткөрүлдү. Ал эми Жаштык айылында үйлөрдүн ондоп-түзөөгө муктаждыгы тууралуу тиешелүү корутундусу чыгарылганын кошумчалашты.

Мекемеден үйлөрдүн оңдоп-түзөө иштери экинчи этап менен жакын арада башталаары айтылды.

Баткендиктерди тынчсыздандырган оңдоо иштери

63 адамдын өмүрүн алган 14-17-сентябрдагы жаңжалдын кесепетинен Баткенде жалпы 661 үй жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түзгөн.

Баткенде үй-жайы жабыркаган тургундар оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданышууда. Мындан улам айрымдары үйлөрүнө кайтып бара элек экенин айтышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 422 үй жаңысын салуу үчүн бузулуп, тазаланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жаан жаап, чатырдан суу өтүп жатат». Баткендиктер оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданууда