Капчыгай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда күйүп кеткен үй. Бул үйлөр 2021-жылдагы кагылышууда жабыркаган үйлөрдүн ордуна курулган болчу.  Сүрөт: Бакай Алмаз/Kloop

Баткенде үй-жайы жабыркаган тургундар оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданышууда. Мындан улам айрымдары үйлөрүнө кайтып бара элек. Ал эми президент Садыр Жапаров турак жайларды жаңы жылга чейин бүткөрүү тапшырмасын берген.

Анткен менен баткендиктер суук түшкөнүнө байланыштуу жабыркаган үйлөрдө күн кечирүү кыйындаганын белгилешти. Алар 19-октябрда «Клооптун» журналистине маек куруп, куралдуу жаңжалдан кийин кандай күн кечирип жатканы тууралуу айтып беришти.

«Электр мештери менен жылынып жатабыз»

Үйү талкалангандардын бири Жаштык айылынын тургуну Медербек Тагаев. Куралдуу жаңжалда анын үйүнө снаряд түшүп, чатыры жана дубалдары жабыркаган.

Учурда Тагаев үй-бүлөсү менен үйүнүн шарты жакшыраак бөлмөлөрүндө күн кечирип жатат. Ал суукта жашоо катаалдаганын айтып, оңдоп-түзөө иштери башталбай жатканына нааразы болду.

«Бүгүн жаан жаап, үйдүн ичине суу өтүп кетти. Азыр үй-бүлөм менен башка бөлмөлөрдө жашап жатабыз. Жубайым жаңы төрөгөн, төрт балам бар. 2-3 күндөн бери электр мештери менен жылынып отурабыз», — деди ал.

Ошондой эле Тагаев учурда мамлекет тарабынан берилет делген акчалай жардамды күтүп жатканын кошумчалады.

«Учурда картасы жоктор банктан карта ачып, реквизиттердин көчүрмөсүн бердик, “акча которулат” деди. Сентябрдын 20ларында текшерүүгө келип кетишкен, андан бери кабар жок. Тамак-ашты өзүбүз сатып алып жатабыз. Элден келген жардамдан ун, картошка, кумшекер берилген. Азыр ун эле калды. Азырынча мамлекеттен жардам жок, элден эле келген», — деди Тагаев.

Тагаевдин айылдашы Гүласал Махкамованын үйүндө да окшош эле көрүнүш. Анын үйүнө да миномёт түшүп, чатыры, терезелери талкаланган. Ал абал тынчыганын укканда жашоо үчүн үйүнө барган, бирок жааган жаандан улам суу өтүп, кайрадан 5 баласы менен кайын энесинин үйүнө келип жашоого аргасыз болууда.

«Эвакуация учурунда балдарым менен качып баратканда чалынып жыгылып, колумдан жаракат алган элем, кечээ жакында гипсти чыгарышты. Суук түшкөн сайын үйдө жашоого мүмкүн болбой жатат. Ал эшиктен бул эшикке каттап жүрөбүз. Үйүмдүн чатырын тезирээк жаап, оңдоп беришсе жакшы болот эле. Ушуну бийликтен суранам», — деди аял.

Куралдуу жаңжалда талкаланган үй. Сүрөт: Бакай Алмаз/Kloop

«Баткенге кайта албай жүрөбүз»

Лейлектин Арка айылынын тургуну Нигора Азимованын үйү куралдуу жаңжалда толугу менен талкаланган. Учурда ал төрт баласы менен Бишкек шаарындагы туугандарынын үйүндө жашап жатат. Ал эми жолдошу айылда кошунасынын үйүндө күн кечирүүдө.

Азимованын айтымында, алардын айылында талкаланган үйлөрдү тазалап, курулуш иштери башталган. Бирок ал «үйлөр качан бүтөөрү белгисиз» дейт. Мындан улам аял бийлик чатыр тигип берсе да айылга кайтып бармакпыз» деп билдирди.

«Үйүмдөн эч нерсе калган жок, баары күл болуп калды. Уруш башталганда колумдагы 2 айлык ымыркайыма жада калса эки-үч кийим алганы да жетишпей калдым. Азыр “абал тынч эмес” деген ар кандай сөздөр жүрүп жатат, ошондон чочулап кайта албай жүрөбүз. Балдарым дагы “качан кетебиз” деп дегдеп турат. Бийлик тарабынан чатырлар курулганын жаңылыктардан көрдүк, а бизге келген жок. Ошондой куруп беришсе жакшы болмок, балдарым менен барып жашай берет элем», — деди ал.

Сүрөт: Бакай Алмаз/Kloop

Баткен районунун Капчыгай айылынын тургуну Нура Айтимбекованын үйү да снаряддан жабыркаган. Ал балдары менен Кызыл-Кыядагы туугандарынын үйүндө жашап жатат, жолдошу болсо Капчыгайда.

Айтимбекова да башка тургундардай эле курулуш иштерин тездетүүнү суранды. Бирок баарынан да чек ара маселесин чечүү маанилүү деп билдирди.

«Биринчи суранычым, бийлик чек араны чечип берсе, үйдөн да биринчи ушул маселени колго алышса. Ошондой эле үйлөрдүн курулушун да тездетип берсин, азыр үйү жабыркагандар ар-ар жерде, ар кимдин үйүндө, мектептерде жашап жатышат. Балдарга кыйын болду», — деди ал.

«Курулушка даярдоо иштери жүрүп жатат»

Баткендеги жабыркаган үйлөр сүрдүрүлүп, ордуна жаңысын салууга даярдалып жатат. Сүрөт: ӨКМ

Материал чыгаар алдында тургундардын көйгөйү боюнча жергиликтүү бийликтен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми ӨКМ 20-октябрга карата курулушка даярдоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда 422 үй жаңысын салуу үчүн бузулуп, тазаланды. ӨКМдин кызматкерлери жеринде иш алып барып жатышат.

63 адамдын өмүрүн алган 14-17-сентябрдагы жаңжалдын кесепетинен Баткенде жалпы 661 үй жабыркады. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Үйсүз калган тургундар үчүн убактылуу жашоого чатырлар курула баштады

Бишкектен Баткенге убактылуу жашоого контейнер үйлөр жиберилүүдө