Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ ар бир техникалык катачылык басылманы жабууга негиз болуп бере алгыдай кылып түзүлгөн. Юристтер жана журналисттер аны анык эле цензураны киргизүү катары баалашууда. «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине ынанды. Ал түгүл, катаал дагы!

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.

Мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу бир айга созулушу керек. Документтин өзүндө ал 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирери айтылат — башкача айтканда, жарык көргөн соң 185 күндөн кийин. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 29-октябрдан кийин киргизилиши керек — парламент жана башка органдардын долбоорду карап чыгууга болгону беш ай убактысы болот.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген. Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Мыйзам долбоорунда жаңы эмне бар, ал кандай тобокелчиликтерди алып келет?

«Клооп» мыйзам долбооруна киргизилген бир нече жаңылыкка токтолот, алардын айынан, эксперттердин оюнча, Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан катуу жабыркап калышы мүмкүн.

Веб-сайттар ЖМКга теңелет

«“Интернет” маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы веб- сайт ушул мыйзамга ылайык, тармактык басылма катары катталууга тийиш».

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, веб-сайттар салттуу ЖМК (гезит, телевидение, радиостанциялар) сыяктуу эле каттоодон өтүшү керек. Мурда мыйзамда онлайн ЖМК таптакыр көрсөтүлгөн эмес, ал эми жаңы мыйзамда аларга «тармактык басылмалар» деген жаңы категория тагылган.

«Адилет» өз анализинде онлайн-басылманы ЖМК жөнүндөгү мыйзамга кошуу зарылдыгына макул. Бирок юристтер веб-сайттардын ишин масштаптуу изилдөө, алардын өзгөчөлүктөрүн талдоо жана интернет ЖМКнын ишин жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйбаны карап чыккандан кийин гана жөнгө салуу керек деп тактоо киргизишти.

ЖМКны каттоо жана кайра каттатуу татаалдайт

Басылмаларды каттоо процеси буга чейин да оңойго турчу эмес, эми болсо жаңы ЖМКны негиздөөнү каалагандарга мамлекетке ал тууралуу суроо жаралбагыдай маалыматтарды берүүгө туура келет:

  • болжолдуу тематика же басылманын иш алып баруу багыты;
  • материалдарды чыгаруунун болжолдуу аралыгы, ЖМКнын максималдуу көлөмү;
  • маалыматты жайылтуунун болжолдуу аймагы;
  • маалыматты жайылтуу формасы;
  • каржы булагы;
  • негиздөөчүлөрү тууралуу маалымат;
  • арыз ээсинин дагы кайсы ЖМКга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат.

Эгер аталган маалыматтардын ичинен кайсы бири өзгөрсө, кайрадан каттоодон өтүүгө туура келет — Юстиция министрлигинин жообун бир ай күтүп ошол эле процессти кайра башынан өтүп чыгуу. Маалыматтар дал келбеген учурда ЖМКны каттоодон баш тартылышы мүмкүн — андай учурда чечимди кантип даттанса болору мыйзам долбоорунда такыр жазылган эмес.

Каттоодон онлайн-басылмалар дагы өтүшү керек. «Мыйзам чегинде» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева бул талаптар онлайн-басылмалар үчүн анчейин туура келбейт деп эсептейт.

«Интернет басылмалардын өзгөчөлүгү ушунда, алардагы контентти скрипт же колдонуучулар өзү түзүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул веб-сайттарга карата иш жүзүндө кандай иштей турганы таптакыр түшүнүксүз. Баарын бир чуңкурга салуу — көпкө узабай турган амал», — дейт юрист.

«Адилет» болсо ЖМКны каттоо үчүн талап кылынган узун маалыматтык тизме «бийликтин бүткүл медиа-секторго толук көзөмөл орнотууга умтулуусун көрсөтүп турат» деп белгилейт.

«Мамлекет ЖМКдан алууну талап кылып жаткан маалыматтардын көлөмү коммерциялык да, коммерциялык эмес да болгон башка юридикалык жактардан талап кылынган маалыматтын көлөмүнөн алда канча көп», — деп жазат өзүнүн анализинде укуктук клиника. Юристтер ЖМКга мындай талап коюу кадимки эле кодулоо болушу мүмкүндүгүн, андайга мыйзамда тыюу салынганын белгилешти.

Бийликке жакпаган ЖМКны жабууга илинчек табылат

Мыйзам долбоорунда бийликке ЖМКнын каттоосун жараксыз деп табууга же каттоодон такыр баш тартууга мүмкүндүк берүүчү көптөгөн шарттар бар.

Алардын бири Медиа Полиси Институтунун эксперттерин кооптондурган — «эгер аталышы (аты), болжолдуу тематикасы жана (же) жалпыга маалымдоо каражатынын адистиги массалык маалыматтын эркиндигине кыянаттуу болсо», ЖМКны каттоодон баш тартып коюлары мүмкүн. Алар баш тартуунун мындай жүйөөсү кеңири чечмелөөгө жол берет жана каттоочу органдын кыянаттыгына алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

«Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура эч жаап-жашыруусуз же уялбай этпей эле ЖМКнын супер жөнгө салуучусу болот деп көрсөтүлүп жаткан мыйзам долбоорун колдонуу чөйрөсү тандалма түрдө тек гана ошол бийликтеги коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп жана жарыялап жаткан веб-сайттардын өкүлдөрүнүн укугун [мыйзамсыз чектөөгө] багытталары айдан ачык», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

ЖМКны жыл ичинде эки гана бузуу үчүн жаап салууга мүмкүн болот

Мыйзам долбоорунда басылманын иши кандай учурларда убактылуу токтотулуп же таптакыр жоюулары баяндалат. Биринчиден, албетте аны негиздөөчү өзү кыла алат. Экинчиден, Юстиция министрлигинин же Башкы прокуратуранын арызы менен сот кыла алат.

Экинчи вариант үчүн «5-беренеде келтирилген» талаптарды (негизи бул талаптар 4-беренеде жазылган, документте ката кеткен) «12 айдын ичинде бир нече жолу бузуу» негиз болуп бериши мүмкүн.

Талаптардын бул тизмесинде — таң кала турган деле нерсе жок. Башаламандыкка чакырбоо, улуттар аралык кастыкты козутпоо, баңгизаттарды пропагандалабоо жана башка ушул сыяктуу талаптар. Бирок, 2-пункт кызыгууну жаратат, анда «адамдардын аң сезимине таасир этүүчү» 25-кадр деп аталган «жашыруун тиркемелерди» пайдаланууга тыюу салынат.

Маселен — «бир нече жолу» деген сөздү түрдүү чечмелөөгө боло турганында. Эки жолу — бул бир нече жолу деп саналат. Андан тышкары, «Адилет» өз анализинде мыйзам долбоорунда аталган бузуулардын оордугу көрсөтүлбөгөнүн, ал эми ЖМКны жоопко тартуунун башка чаралары каралбаганын байкаган. Башкача айтканда, 12 айдын ичинде кандай гана оордуктагы бузуулар болбосун, ал басылманын жабылышына себеп боло алат.

ЖМК үчүн талаптардын тизмеси «жарандын күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерин бузуучу материалдарды таратууга» чектөөнү дагы камтыйт. Фатима Якупбаева бул сөз түзүмүн абдан бүдөмүк деп эсептейт, себеп дегенде колдонуудагы мыйзам ансыз да күнөөсүздүк презумпциясы боюнча иштейт.

«Мыйзам долбоорунун автору, сыягы, жарандын да, мамлекеттин да “кызыкчылыгы үчүн” Юстиция министрлиги сот аркылуу ЖМКнын ишмердүүлүгүн токтотууну же токтотуп турууну талап кыла алгыдай системаны түзүүнү көздөп жаткандай. Ошол эле учурда [журналисттер жарыялаган] маалыматтар жарандын күнөөсүздүк презумпциясын бузат деп өз алдынча чечим кабыл алып», — деп болжоду ал.

Чет элдиктерге ЖМК ачууга тыюу салынып, чет элдик журналисттердин колу байланат

Жаңы мыйзам долбоору чет элдиктерге, кош жараныгы бар же жарандыгы жок адамдарга ЖМК ачууга тыюу салынат. Ушул эле тыюу чет юридикалык жактарга жана чет элдиктердин катышуучусу бар кыргыз кампанияларына (эгер чет элдиктердин уставдык капиталдагы үлүшү 50% же андан көп болсо) дагы тиешелүү болот. Анткен менен бул сыяктуу тыюу өлкөдө 2017-жылдан бери эле иштеп келет.

«Адилет» өз анализинде мындай тыюу негизги эл аралык укуктук документтерди бузарын түшүндүрөт. «Адам укуктарынын эл аралык стандарттары ой-пикир билдирүү эркиндигинин кепилдиктери мамлекеттик чек ара менен чектелбесин так көрсөтүп турат», — деп айтылат анализде.

Мындаш тышкары, чет элдик ЖМКнын өкүлчүлүктөрү ТИМдин уруксаты менен гана ачылат. Ал эми чет элдик кабарчылар ал жердин аккедитациясынан өтүшү керек болот — бирок мыйзамда ал үчүн эч кандай критерий жана талаптар жазылган эмес.

«Демек, мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары Министрлер Кабинети биздин өлкөдө ишмердүүлүк кылууга уруксат берген чет элдик ЖМКнын гана маалыматтарын эркин окуй алышат», — деп эсептешет «Адилеттин» юристтери.

Журналисттер жалган экени далилденбеген маалыматтары үчүн дагы төгүндөө берүүгө милдеттүү болот

«Эгер ЖМКнын редакциясында тараткан маалыматынын чын-бышыгын ырастаган далили жок болсо, анда ал аларды кайра эле ошол ЖМКда төгүндөөгө милдеттүү».

Якупова бул абзацтан жазык укугу менен окшоштукту көрөт. Ага ылайык, укук коргоо органдары адамдын күнөөлүү экенин далилдеген фактылары жок болсо, кылмыш куугунттугун токтотууга милдеттүү.

«ЖМК тараткан маалыматтын чындыкка дал келерин бышыктаган далилдин жоктугу ал автоматтык түрдө эле тараган маалымат чыкдыкка дал келбейт дегенди билдирбейт», — деп түшүндүрөт юрист.
— «Эмне чындык, эмне жалган экенине өзү тууралуу жагымсыз маалымат үчүн капа болгон материалдын каарманы эмес, сот баа бериши керек», — деди ал.

Өзгөчө жана аскердик абал шартында сөз эркиндиги чектелет

«Сөз, басма сөз жана башка массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин өзгөчө жана аскердик абал учурунда конституциялык мыйзамга ылайык чектөөгө жол берилет».

Бул Кыргызстандын Конституциясына каршы келет, ал боюнча цензурага жол берилбейт, сөз жана басма сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынат.

Фатима Якупбаева пресса жөндөн-жөн эле мамлекеттик көзөмөлгө алынбашы керек деп эсептейт. «Бирок, мыйзам долбоору дал ушул нерсени сунуштап жатат. Мыйзамда ЖМКны чектен аша көзөмөлдөө жарандардын коомдук жашоого аралашуусу үчүн зарыл маалыматтарды алуу жана жайылтууда сөзсүз кыйынчылыктарга алып келерин эске албай жатат», — деп жазат ал.

Журналисттерге жашыруун жаздырып алуу жана съемка кылууга тыюу салынат

Президенттик аппарат журналисттерге жашыруун аудио, сүрөт же видеого тартуу аркылуу даярлалган материалдарды жайылтууга тыюуу салууну сунуштап жатат. Анда маалыматтарлы сот чечими менен гана жайылтууга мүмкүн болот.

Фатима Якупбаева жашыруун жаздырууга толугу менен тыюу салуу журналист үчүн маалымат топтоо ыкмасын чектейт деп айтат. Мыйзам долбоорунун ушул версиясында аталган тыюунун бирине да жол берилген эмес, ошол эле учурда юрист жашыруун съемка негиздүү экени көрсөтүлгөн журналистиканын эл аралык стандарттарынан мисалдарды келтирди:

  • эгер журналист кылмыштуу же коомчулукка каршы ишмердүүлүктү чагылдырып жатса;
  • эгер жашыруун жаздыруу журналисттик иликтөөнүн максатына жетүү үчүн зарыл болсо;
  • эгер материалды башка, ачык жолдор менен алууга мүмкүн болбосо.

«Демек, жашыруун жаздырууга толук түрдө тыюу салуу башка жол менен алууга татаал же опурталдуу эсептелген маалыматтарды топтоо үчүн коркунуч жаратат. Натыйжада бул туура эмес тыянактарды чыгарууга жана [журналисттер тарабынан] алынган маалыматтардын чын-бышыктыгынын далил базасын алсыратат», — деп эсептейт Якупбаева.

Ал түгүл соцтүйүндөрдө легалайзга чакырык таштоого тыюу салынат

«ЖМКда, ошондой эле маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөрдө [...] кандайдыр баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогун же прекурсорлорун пайдалануунун артычылыктарын пропагандалоого тыюу салынат [...]».

ЖМК жөнүндөгү мыйзам күтпөгөн жерден соцтүйүндөрдү (аткаминерлердин тилинде «маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр») дагы жөнгө салууга умтулат. 5-берененин 3-пунктуна ылайык, эгер сиз — мисалы, марихуананы мыйзамдаштыруунун тарапташы болсоңуз, сизге ал тууралуу соцтүйүндөрдө жазууга тыюу салынат. (Чындыгында, эгер сиз ЖМКнын негиздөөчүсү болбосоңуз жазасы кандай болору түшүнүксүз).

А бирок, эсиңерде болсо, жакында эле «Легалайз» деп аталган партия Жогорку Кеңешке өтүүгө аракет кылды эле!

Мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүп алынганбы?

«Клооптун» редакциясы президенттин администрациясы сунуштаган мыйзам долбоорун Advego Plagiatus сервиси аркылуу плагиатка текшерип көрдү. Сервистин анализине ылайык, документтин орус тилиндеги текстинин 83%ы толугу менен Орусиянын ЖМК жөнүндөгү мыйзамынан көчүрүп алынган. Ал эми эгер бири-бирине дал келген, анчейин деле мааниге ээ эмес өзгөртүүлөр болгон бөлүктөрүн ала турган болсок, эки документ 95%га окшош.

Текшерүүдөн кийин сервис ушуга окшогон тексттер жайгаштырылган булактардын тизмесин берди. Тизмеде биринчи, албетте, Кыргызстандын мыйзам долбоору турат. Экинчиде — Орусиянын ЖМК жөнүндөгү мыйзамы турат.

Биз эки документтеги эң негизги жана эң оорчундуу дал келүүлөрдү салыштырып көрдүк. Аларды ылдый жактан көрө аласыздар.

Фатима Якупбаева

Кыргызстандын мыйзам долбоору Орусияныкынан көчүрүлгөн деген бүтүмгө Factcheck.kg басылмасынын журналисттери дагы токтогон. Алар кыргыз президентинин администрациясынын мыйзам долбоорунун 54 беренесинин ичинен 53үндө Орусиянын документи менен окшоштуктарды табышкан.

Ошол эле учурда, эң эле аз окшоштук (66%дан 71%га чейин) үч гана беренеден табылган. Калгандарында, Factcheck’тин маалыматына ылайык, мамлекеттин жана мамлекеттик органдардын аталышында гана айырма бар.

Медиа Полиси институтунун юристи Нурбек Сыдыковдун айтымында, президенттик администрациянын мыйзам долбоору жөн гана орус мыйзамына окшош эмес, ал алда канча — катаал дагы.

«Алсак, Орусиянын мыйзамында веб-сайттар же интернет басылмалар ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору айтылган. Ал эми биздкинде [...] бардык веб-сайттар катталышы керек деп жазылган. Башкача айтканда, биз электрондук барак деп атагандын баарын каттоону сунуштап жатышат, эми элестетип көрсөңүздөр, кандай агым болорун?!» — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Сыдыков мыйзам долбоору «бүдөмүк туюндурмалар» бар болгону үчүн кооптуу деп эсептейт. Мисалы, Юстиция министрлиги ЖМКны каттоо учурунда негиздөөчү берген маалыматтардын кайсыл бири чындыкка дал келбегенин кантип аныктай турганы түшүнүксүз. Андай чечими сот ачык процессте чыгарышы керек.

«Ал жерде ар бир нерседен кыйкым тапса болот, кандай гана техникалык ката болбосун калп же жалган деп каралышы мүмкүн», — деп түшүндүрөт юрист.

Кандай ыкма менен болсо да ЖМКга басым кылуу

Президенттик аппараттын мыйзам долбоорунун коомдук талкууга чыгарылышы менен катар өлкөнүн маалыматтык күн тартибинде кезектеги жолу көз карандысыз ЖМКны жабуу тууралуу маселелер көтөрүлө баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча эл өкүлдөрүнөн кол топтоп баштаган. Нарматова өзү андай кылбаганын айтканы менен эртеси күнү «Азаттыктын» кеңсесинин алдында аталган ЖМКга каршы митинг өткөн.

Көп өтпөй эле «Вечерний Бишкек» гезитине аталган үч басылманы жабуу талабы менен президент Садыр Жапаровго даректелген ачык кат жарыяланган. Ага 70 киши кол койгон имиш.

Бирок Bulak.kg жана «ПолитКлиниканын» журналисттери катка кол койгондордун бир бөлүгүнө чалып, кеминде алардын жетөөсү катка кол койбогонун аныкташкан.

Нурбек Сыдыков

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган.

Министрликтин маалыматында, буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылат.

Ал эми «Азаттыктын» өзүндө Эркин Европа/Азаттык радионун президенти Жейми Флайдын билдирүүсү жарыяланган. Анда Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп белгилеген.

«Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма», – деп билдирген Флай.


Кыргызстандын мыйзам долбоорун Орусияныкы менен салыштырабыз

Биз эки документтеги негизги жана оорчундуу дал келүүлөрдү көрсөтөбүз (аларды салыштырып көрүү үчүн галереяны барактаңыз).

«Жашыруун кыстармалар» жөнүндө

ЖМКны каттоо жөнүндө

Каттоодон баш тартуу жөнүндө

Каттоо күбөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө

ЖМКны жоюу жөнүндө

Төгүндөөлөр жөнүндө

Чет элдик ЖМК жөнүндө

Чет элдик журналисттер жөнүндө