Министрлер чет өлкөгө иш сапарларын минкаб менен макулдашууга милдеттендирилди

Министрлер, административдик мекемелердин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери мындан ары чет өлкөгө иш сапарларын минкабдын жетекчиси менен, ал жокто — өкмөт башчынын орун басарлары менен макулдашуусу керек. Тиешелүү токтомго минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду

Ошол эле учурда, иш сапарларды макулдашууда президенттин администрациясынын эл аралык кызматташуу маселелери менен иштеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн да пикири эске алынары белгиленет.

Минкабдын өкүлдөрү парламенттин 2022-жылдын июнундагы жыйынында. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

Минкабдан мындай жаңы өзгөчөлүктөр «эмгек жана финансылык тартипти чыңдоо, мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдардын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарларын тартипке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу максатында» киргизилип жатат деп түшүндүрүштү.

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Анда өлкө башчысы мамлекеттик органдарга чыгашаларын оптималдаштырууну тапшырган, ал эми парламентке муну аткарууну сунуштаган.

Ошондой эле президенттин жарлыгы менен аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына бюджеттин эсебинен чет мамлекеттерге иш сапарларга чыгууга тыюу салынган. Чет өлкөгө иш сапарга кимдер бара аларын президент же минкаб чечип турган. Бул чектөө канча убакытка чейин күчүндө болору айтылган эмес, бирок 2022-жылдын IV кварталында минкаб президенттин жарлыгынын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын отчётун карашы керектиги жазылган.