Бекем турушат. Депутаттар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарга жолугуп чыгышты

Депутаттар Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Эмил Токтошев жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад маселеси боюнча сын айтып кармалган активисттер менен саясатчыларга жолугуп чыгышты. Бул тууралуу Фейсбуктагы барагында эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын айтымында, алар БШКнын мурдагы башчысы Гүлнара Журабаева, укук коргоочу Клара Сооронкулова, активист Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Перизат Суранова жана экс-депуатат Орозайым Нарматованын камераларына кирип чыгышкан.

«Аялдар өздөрүнө бек турушат — духун түшүрбөй, пайдасын тийгизүүгө аракет кылып жатышат. Юридикалык жактан күчтүүлөрү “абакта отурган” аялдарга кеп-кеңешин берип, арыз жазууга жардамын берип жатышат. ТИЗО-1дин шаттарына жана кызматкерлерине аялдардын бири бири дагы даттанган жок. Тескерисинче, ар бири камерада бирге отурган адамдарынын окуяларын айтып бергенге аракет кылды», — деп жазды Бекешев.

Депутат ТИЗОдогу кармоонун шарттары «укшум деле эместигин» кошумчалады. Тергөө изоляторунда сейилдей турган жер аз, таза абасы жок, ошондой эле туугандар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк жок.

«Орозайым [Нарматова] Москвада операция боло турган атасына кабатыр болуп жатат. Атасы менен сүйлөштүрүп коюшса болмок. Перизат Сурановага туугандары менен жолугууга уруксат бербей жатышыптыр — андай уруксатты тергөөчү берет. Клара Сооронкулова болсо кармалганга чейин үч ай Грузияда жүргөн, өлкөдөгү окуялар боюнча ойлорун айткан эмес, ал эми Кемпир-Абад маселеси боюнча тергөөгө алынып жаткандардын жолугушуусуна ал аяктап калганда келген. Рита Карасартова камерада чогуу отургандарына карата болгон ар кандай бузууларды каттап жатат, ал эми Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева жаш курагына карабастан өздөрүн сергек жүрүшөт», — деп билдирди депутат.

Кармалгандар ТИЗОдогу шарттарга даттанышпаганы менен кармалгандан кийин 48 саатка камакка алынган убактылуу кармоочу жайдын шарты «кой сарайдыкындай эле» экенин белгилешкен.

«2013-жылы жардамчым экөөбүз аталган жайлардын абалына мониторинг кылганбыз, анан мен административдик камоолордон баш тартуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштагам. Тилекке каршы, 2021-жылы [башкы прокурор] Курманкул Зулушевдин аркасы менен камакка алууну кайра кайтарышкан», — деп жазды Бекешев.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Талкууланып жаткан документ суу сактагыч жайгашкан Баткен облусу менен катар Ошто жана Бишкекте да бир нече митинг жана курултайлар менен коштолгон.

Ошондой эле бийлик 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Баш калаанын Биринчи май райондук соту кармалгандардын бардыгын Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген. Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.