Кемпир-Абад маселеси: Активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, айрымдары милицияга жеткирилди

23-августтун таңында милиция кызматкерлери активисттердин, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу активистер өздөрү кабарлап, айрымдары тинтүү учурунда түз эфирге чыкты.

Азыркы тапта активист Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Эрлан Бекчороев, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, саясатчы Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбековдордун үйү тинтүүгө алынганы айтылууда.

Тинтүү жүрүп жаткан учурда тартылган видеодон милиция кызматкерлери үйдүн бардык жерин карап, телефон, ноутбук, компьютер, флешка өндүү маалымат ташуучу каражаттарды издешкенин көрүүгө болот. Милиция бардык каражатты текшерерин айткан.

Активист Гүлнара Журабаева тинтүү жүргүзүлгөнүн активисттердин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгону жана аны коргоо боюнча комитет түзгөнү менен байланыштырды.

«Кечээ бир катар активисттер чогулуп, Кемпир-Абад маселесин талкуулаганбыз. Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөнбүз. Ал Кыргызстанга тиешелүү суу сактагыч. Эгер бийликтин аракети ачык-айкын жана далилдүү болгондо колдойт элем. Бирок бийлик аргумент дагы айткан жок, диалог да түзгөн жок», — деди ал.

Активист Рита Карасартова дагы түз эфирге чыгып, үйүн тинткени келген төрт киши эч кандай документ көрсөтүшпөгөнүн жана аны кармаганы жатышканын айтты.

Эрлан Бекчороев Ленин РИИБине жеткирилгени белгилүү болду. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова үйү тинтүүгө алынган активисттерге Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жөнөп кеткенин жазды.

Активисттерге «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен иш козголгону айтылууда. Азырынча укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүлгөнү боюнча маалымат бере элек.

22-октябрда Равшан Жээнбеков саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөнүн кабарлаган. Ал комитет 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык түзүлгөнүн айткан.

Бишкектеги жыйын жана президенттин эскертүүсү

Буга чейин, 20-октябрда президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте активисттер жана жарандар менен жолугушуу уюштурган.

Жыйын учурунда Ташиев «мамлекеттик кызматта болбогондо, аны негизсиз сындап, ар-намысына шек келтирген айрым адамдардын оозун жарат элем» деп айтып, «беш-алты кишини каттап койгонун» белгилеген.

«Кийин (Ташиев эмнеден кийин экенин ачыктаган жок) бир-экөөнүн оозун жарам», — деген ал жылмайып.

22-октябрь күнү президент Садыр Жапаров суу сактагыч боюнча билдирүү жасаган. Ал Кемпир-Абад маселесин «айрым адамдар чоң саясатка айлантып жатат» деп эсептеп, активисттердин «бийлик Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип жатат» деп айтканын «акмакчылык» деп атаган.

Ошондой эле өлкө башчысы Кемпир-Абад боюнча жөө жүрүш, митингдерди кимдер «айтайын уюштуруп жатканын» билерин кошумчалаган. Ал «чагымчылдар элди тескери жака бурууга аракет жасап, аша чаап жатышат» деп эскерткен.

Тема боюнча:

«Буйтактап». Жапаров менен Ташиев Кемпир-Абадды берүү зарылдыгын элге кантип түшүндүрүп берди?