Депутат Токторбаев активисттер менен саясатчыларды массалык кармоо орой болбогонун айтты

Жогорку Кеңештин 2-ноябрындагы отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптештерин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан активисттердин кармалышы тууралуу маалыматтарды бурмалабоого чакырды.

«Комитеттин жыйынында депутатыбыз массалык камоо абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон жок деп жалган маалымат таратты. 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков президент мезгилинде кан досу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип камабады беле? Колу, бутун кайрып камабады беле? Бүткүл дүйнө жүзүнө жана элге шерменде кылып камаган. Ошонун негизинде биздин бир жоокер каза болгон, дагы бир полковник майып болуп, коляскада отурат. А бул эмне тарых эмеспи? Анда эмне орой болгон эмеспи?» – деп нааразы болду депутат.

Токторбаев кайсы депутат тууралуу сөз болуп жатканын так айткан жок, бирок Жээнбеков башкарган тушта ТИМдин башында турган деп түшүндүрдү.

«Мен ошол коллегама айтат элем, ошол кезде Сооронбайдын этегине намаз окуп, өзүн эмес күчүгүн сиз деп, иниси Асылбектин пальтосун кийгизип, портфелин көтөрүп жүрбөдү беле… Ошондо ошол коллегабыз тышкы иштер министри болчу. Эгер баатыр, патриот болсо ошондо камоолор орой болду деп айтпайт беле?» — деп суроо салды депутат.

Депутат Токторбаев активисттер жана саясатчылардын кармалышы боюнча биринчи жолу пикирин билдирди. Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы отурумунда ал мурдараак Кемпир-Абад суу сактагычын берүүнү сындаганы үчүн кармалган аялдар менен жаш активисттерди коё берүүгө чакырган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пикирине кошулбай турганын билдирген.

«Анан кечээ, түштөн кийин, мурдагы президентибиз, урматтуу Алмаз Шаршенович үн катып, интервью берди. Бул камалган аялдарды, жаш балдарды чыгарыш керек деп. Мен ал кишиге бир аз кошулбайт элем. Эми бул тергөө өзү билет, бирок ал кишинин мезгилинде деле абдан аттуу-баштуу саясатчылар камалбады беле? Текебаев камалган, Жапаров камалган, Ташиев камалган, Мамытов камалган. Андан башка белгилүү журналисттер деле камалбады беле? Ушуну бир мындай, калыс карасак деген оюмду айткым келди», — деди депутат.

Анын айтымында, укук коргоо органдары «дежур саясатчыларды» кармашты.

«Эгер бийлик берсе, бийликти мактайт, бийликтен кетсе бийликти жамандайт. Буларды биз дежур саясатчы дейбиз, буларды биз обончу саясатчы дейбиз. Мен мынакей, Кыргызстаныбызга аттын кашкасындай белгилүү болгон саясатчыларды билем. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Шеримкулов атабыз, Жумагулов атабыз, Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич деген белгилүү саясатчыларды билем. Мынакей ушуларды белгилүү саясатчылар десе болот, туугандар», — деп эсептейт эл өкүлү.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

26 активист менен саясатчыны массалык кармоо октябрдын аягында болгон. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө жол берген документтерди бир нече аптадан бери карап, талкуулап жатышат.

Аталган талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алышкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүн54ү шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.