Алмазбек Атамбаев бийликти Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн жылдыра турууга чакырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад маселеси боюнча пикирин билдирип, бийликти саясий жана жарандык оппоненттерди кылмыш куугунтугуна алууну токтотууга чакырды. Атамбаевдин билдирүүсү Фейсбуктагы барагына жарыяланды.

Атамбаев бүгүнкү күндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн жылдыра туруу жана адамдарга документтердин негизинде шашпай талкуулап, баа берүүгө мүмкүнчүлүк берүү туура болмоктугун белгиледи.

«Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу. Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө: ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек», — деп жазды Атамбаев.

Атамбаев президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тактала элек чек аранын 15%ын тезирээк делимитациялап бүтүрүүгө умтулулганын түшүнөрүн, бирок, «чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты» талап кыларын белгиледи.

«Шашкан — шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт. Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка», — деп белгиледи мурдагы президент.

Мурдагы президент өлкөнү башкарып турган кезинде Өзбекстан менен 1378 чакырымынын ичинен 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашылганын эске алды. Анын баары, Атамбаевдин айтымында, «ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөн».

«Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек. Кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотуу керек. Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу - бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек», — деп жазды мурдагы президент.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү болгон.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.

Кийинчерээк сот кармалган 22 адамды Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизген.

Ал эми активист Талант Эшалиевди сот ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Ал сотко инфаркт болуу абалында алып келингени, андан соң абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага жеткирилгени айтылган.

Кармалгандардын баары тагылып жаткан айыптарды моюнга алышпайт, алар куугунтук болуп жатканын билдиришүүдө.

Жыйырмадан ашуун активисттин жана саясатчынын кармалганын бир катар депутаттар сынга алышты, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти аларды бошотууга чакырган. БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы да бийликти кармалгандарга карата иштерди адилеттүү кароону камсыздоого чакырган.