Журналисттердин үй-бүлөлүк фармбизнес тууралуу иликтөөсү: Прокуратура текшерүү жүргүзөт

Прокуратура журналисттердин үй-бүлөлүк фармбизнес тууралуу жасаган иликтөөсүндөгү фактылар боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Прокуратура органдары текшерүү жүргүзүшөт», — деп комментарий беришти көзөмөл органынан.

Буга чейин көз карандысыз журналисттер Дары-дармек жана медициналык техникалар департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиевдин жакындары маал-маалы менен миллиондогон сомдук медициналык тендерлерди утуп жатышканы, айрым учурларда бири-бири менен өз ара атаандашып да коюшары тууралуу иликтөө жарыялашкан.

Журналисттер миңдеген тендерлерди изилдеп чыгып, алты жарым жылдан бери Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиевдин жакындарына тиешелүү компаниялар 350 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык тендерлерди утуп келишкенин аныкташкан.

Утуп алынган тендерлердин жалпы санынын ичинен 7 миллион сомдук келишимдерди эксперттер «жасалма атаандаштык» деп белгилешет. Ал эми 130 миллион сомдон ашык мамлекеттик сатып алууларда сатуучу менен сатып алуучу мекеменин ортосунда кызыкчылыктардын кагылышынын белгилери бар.

Жалпысынан журналисттер Кагаздиевдин ар кайсыл туугандарына, анын ичинде атасы, эжеси, аталаш агасы, жеңеси жана аялынын эжеси башкарган же ээлик кылган алты компанияны таба алышты.

Кагаздиевдин айтымында, жакындарынын тендерлерде жеңишке жетишине эч кандай таасири жок, ал эми үй-бүлөсү көптөн бери дары-дармек ишкердиги менен алектенип келген. Ал азыр алардын бизнеси жакшы жүрбөй жаткандыгын кошумчалайт.

«Мына караңыздар, атам 1993-жылы Таласта фирма ачкан, мен калп айтпайм. Атам, товар ташып жүргөндө мен кичинекей элем, ага жардам берчүмүн. Мен үйдүн жалгыз уулумун. Алар мен үчүн баарын жасашты. Мурда жакшы иштешчү. Азыр аларда иш жүзүндө эч кандай жумуш жок, атаандаштык көп. Эки-үч дарыкана калды, жакында жабылат», — деп комментарий берген ал.

Эмне үчүн бул мыйзам бузуу болуп эсептелет жана 2012-жылдан 2022-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик сатып алуулар боюнча канча кылмыш иши козголгону тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз: Үй-бүлөлүк фармбизнес: Чиновниктин жакындары тендерлерден кантип миллиондогон сом пайда көрүп турган?