«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова жапырт камоолорго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда ал активист жана саясатчыларды, айрыкча аялдарды камакта калтыруунун максатка ылайыктуулугун карап чыгууну өтүндү.
«Кыргыз коомунда аялзатына ар дайым өзгөчө орун берилген. Эзелтеден бери эле аялдар очоктун, үй-бүлөлүк баалуулуктардын сактоочусу болуп келген. Ар бир кыргыз жигити үйүн, энесин, эже-карындаштарын, кыздарын коргоо салтында тарбияланган. Аялга кол көтөрүү мүмкүн эмес деп эсептелген», — деди ал.
Жакупованын айтымында, бөгөт чарасын кароодо киши 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн болгон айыптоо коюлуп, төмөнкү учурлар болсо гана камак түрү тандалышы мүмкүн:
- Айыпталуучунун Кыргызстандын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбосо;
- Анын өздүгү тактала элек болсо;
- Ал мурда колдонулган бөгөт чарасын бузса;
- Айыпталуучу тергөө жүргүзүп жаткан органдан же соттон жашынган болсо.
Ошондой эле укук коргоочу сот айыптоонун негиздүүлүгүн, айыпталуучунун өздүгү жөнүндө маалыматтарды, анын жашын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, кесибин жана башка жагдайларды эске алышы керектигин айтты.
«Бирок тергөө органдары бардык айыпталуучуларга карата камак түрүн тандоо өтүнүч жиберишкен. Алардын өздүгү такталганын, туруктуу жашаган жерлери болгонун, эч жерде жашырынбаганын эске алышкан эмес. Тескерисинче айыпталуучулар ачык коомдук иш-чараларды өткөрүп жүрүшкөн», — деди ал.
Укук коргоочу өтүнүчүнө көңүл бурулуп, айыпталуучулардын бөгөт чарасы өзгөртүлөөрүнө ишенээрин белгиледи.
Кыргыз бийлиги 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармады. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген.
Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.
Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.
Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп эсептеген.