«Путиндин пропагандисти». Активист Токтонасыров Киркоровдун концертине каршы акцияга чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров. Сүрөт: Дилде Шатанова/Kloop

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 3-ноябрда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайынын жанында наарызычылык акциясына чыкты. Ал орус ырчысы Филипп Киркоровдун концерти өткөрүлүп жатканына нааразы экенин айтты.

«Февраль айынан тартып, Путлердин [Владимир Путин] кесепетинен бүгүнгө чейин канчалаган шаарлар [талкаланып], канчалаган адамдар майып болуп өлүп жатышат. Бул Кремлдин ырчысы да, Путиндин эле пропагандисти. А биз мында ага кол чаап, жада калса аэропорттон боорсок, нан менен тосуп алышты. Уят!» — деди Токтонасыров.

Ал искусство адамдары «гумандуу болушу» керек экенин айтып, уюштуруучуларга нааразычылыгын билдирди.

«Согушка каршы чыгып, тынчтыкты даңазаласа мен аны өзүм кошо чыгып тосуп алмакмын. Ошондой адамды Кыргызстанга концертке чакырган продюсерге, ошого көмөктөшкөн биздин бийликтеги чиновниктерге нааразычылык билдирем», — деп белгиледи активист.

Ал эми милиция кызматкерлери «коомдук тартипти бузуп жатканын» айтып, наарызычылык акциясын Горький атындагы паркта улантышын талап кылды. Активист «конституциялык укугунан пайдаланып, каршы пикирин имараттын сыртында айтып турганын» белгиледи.

Филипп Киркоров орус армиясы 24-февралда Украинага бастырып киргенден кийин Орусиядан кетпеген саналуу артистердин бири. Ал согуш башталгандан кийин бир нече жолу концерт өткөргөн.

Киркоров Владимир Путинди колдогон «Күчтүү президент — күчтүү Орусия» деп аталган митинг-концертте сөз сүйлөгөн. Ошондой эле «РБК» басылмасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын апрель айында Путин ырчы Киркоровду 55 жашы менен куттуктаган.

Токтонасыровдун орусиялык ырчыларга нааразычылыгы

5-сентябрда Өндүрүш Токтонасыров жана дагы 2 активист Маданият министрлигинин алдына Кремлди колдогон ырчылардын Кыргызстанга келишине каршы митингге чыгышкан.

Анда 30-августтагы президент катышкан футбол матчына «Город 312» тобунун расмий чакырылышын сындашкан. Ал эми ошол кездеги Маданият министри Азамат Жаманкулов музыканттарды жеке тараптар чакырганын айткан.

Митингге чогулгандар «Согушка жол жок», «Агрессор ырчылар келбесин, жол жабык» деген жазуулар менен турушкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активисттер Кыргызстанга «Город 312» тобу келип кеткенине нааразы болду. Эмне болуп жатат?