Активисттер Кыргызстанга «Город 312» тобу келип кеткенине нааразы болду. Эмне болуп жатат?

5-сентябрда 3 жарандык активист Маданият министрлигинин алдына Кремлди колдогон ырчылардын Кыргызстанга келишине каршы митингге чыгышты. Алар 30-августтагы президент катышкан футбол матчына «Город 312» тобунун расмий чакырылышын сындашты. Ал эми Маданият министри Азамат Жаманкулов музыканттарды жеке тараптар чакырганын айтты.

Митингге чогулгандар «Согушка жол жок», «Агрессор ырчылар келбесин, жол жабык» деген жазуулар менен турушту.

«Клоопко» берген интервьюсунда активист Өндүрүш Токтонасыров Эгемендик күнүн майрамдоого Кыргызстанга «Кремлдин ырчылары» чакыртылганын айтты.

«Украинага согуш ачкан Кремлдин ырчылары Кыргызстанга эмнеге келет? “Город 312” деген группанын солисти эмнеге келип ырдайт? Ал Путиндин саясатын активдүү колдоп келет. Бул ырчы биздин Эгемендик майрамыбызда келип, ырдап жатат. Аэропорттон аны гүл, боорсок менен тосуп алышты. Эми кийинки айда Филипп Киркоров жана Валерий Меладзе келиши күтүлүп жатат. Булар дагы Путиндин саясатын колдогон ырчылар», — деди ал.

Ошондой эле укук коргоочу «Муну менен Кыргызстан нейтралдуу позицияда болобуз деп алып, кайра эле согушту пропагандалап жатабы?» деген суроону койду.

Министр Жаманкулов эмне дейт?

«Клооптун» журналисти менен маегинде Азамат Жаманкулов «Город 312» тобу кыргызстандык ырчылар экенин белгиледи.

«Булар биздин ырчы “Город 312” деген Бишкек шаарынын коду менен жүргөн группа. Бул топту жеке тараптар чакырды», — деди Жаманкулов.

Мындан сырткары, министр орусиялык ырчылардын келишине мыйзам жол бере турган болсо, аларга эч кандай тоскоолдук кыла албай турганын кошумчалады.

«Город 312» тобун ким чакырды?

Бишкекте түптөлүп, учурда Орусияда иштеген «Город 312» тобу Бишкекке 29-августта учуп келген. Аларды Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.

Министрликтин билдирүүсүндө музыканттар 30-августтагы президент катышкан футбол таймашына «расмий конок» катары чакыртылганы жазылган.

«Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат», – деп билдирген министрлик.

«Город 312» тобу 18-мартта Орусиянын Уфа шаарында согушту жана Орусиянын президенти Путинди колдоого арналган концертке катышкан. Ошондон улам чыккан сынга группанын солисти Ая Назаренко фейсбук барагына «мен украин тектүүмүн», «мен жөн эле ишимди аткарганы аракет кылып жатам» деп жооп берген.

Буга чейин, L’zeep деген ысым менен таанымал кыргызстандык рэп аткаруучу Медер Кадыров Орусияны колдоп, Украинанын чыгышына барган.

Валерий Меладзе башында Украинадагы согушка каршы чыгып, кийин ал темага үн каткан эмес.

Филипп Киркоров болсо 2021-жылынын июнунда Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган кишилердин тизмесине «пропагандалык концерттери жана Крымдын мыйзамсыз аннексиясын колдоосу үчүн» киргизилген. Үч күндөн кийин ырчы ал тизмеден чыгарылган.

Украинадагы согуш

Орус аскерлери Украинага ири алкакта кол салып баштагандан бери беш айдан ашты, ал 24-февралда башталган. Бул аралыкта Украинадан 10 миллиондон ашуун адам чыгып кетти, ал эми 14 миллион киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Орусия Украинага бастырып киргенден бир ай өткөндөн кийин кыргыз дипломаттары, ТИМ менен элчиликтер өлкөдөн 700дөн ашык кыргызстандык эвакуацияланганын билдирген.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна жооп катары Орусияга карата мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизген. Бул Орусияны салынган санкциялардын саны боюнча дүйнөлүк лидер кылган.

Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде бир нече ирет бейтараптуулукту карманарын маалымдаган. Бирок акыркы убактарда бийлик орус тарап менен жакындашууга аракет кылып жатканы байкалууда.

Тема боюнча:

Одесса – Буча – Бишкек. Украинадан качып чыккан теги кыргызстандык аялдардын окуясы