Минкаб айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинети айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салды. Токтом минкабдын жыйынында кабыл алынды.

Минкаб мындай чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алды.

Ага ылайык буудайды, кара зайтунду жана күн караманын данын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айга тыюу салынды.

Ошондой эле 1-ноябрдан тартып 1-январга чейин ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерге буудай унун ташып чыгууга 100 миң тонналык чектөө коюлду.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантын Кыргызстандын аймагынан сыртка экспортко чыгарууга жарым жылга тыюу салган.

Минкабдан токтом өлкөдөн кумшекерди массалык түрдө чыгарып кетүүнү токтотуу, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны кармап туруу максатында кабыл алынганын түшүндүргөн.

Тема боюнча:

Минкаб өлкөдөн кумшекерди экспорттоого жарым жылга тыюу салды