Минкаб өлкөдөн кумшекерди экспорттоого жарым жылга тыюу салды

Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантын Кыргызстандын аймагынан сыртка экспортко чыгарууга жарым жылга тыюу салды. Тиешелүү токтомго минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Минкабдан токтом өлкөдөн кумшекерди массалык түрдө чыгарып кетүүнү токтотуу, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны кармап туруу максатында кабыл алынганын түшүндүрүштү.

Кумшекерди экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү керектигин 27-майда минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кайынды-Кант» ишканасына барганда айткан. Төрөбае аталган ишканага соода түйүндөрдө канттын тартыштыгы жаралып баасы өсүп кеткендиктен улам барган.

Анда минкаб заводдо чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп калганын белгилеген. Бирок азыркы тапта Кыргызстанга чийки камыш кант камышын жеткирүү башталган.

Мындан тышкары, минкаб 1-апрелден тарта өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасын белгилеген. Нөлдүк салык чени 2022-жылдын аягына чейин күчүндө болот.