Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин эркин медиаларды душман көрбөөгө чакырды

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигинен «Азаттык» үналгысынын банктык эсебин жана сайтын тез арада калыбына келтирүүнү талап кылды.

«“Азаттыктын” сайты жабылгандан кийин банктык эсебинин бөгөттөлүшү кыргыз бийлигинин өлкөнүн эң маанилүү маалымат каражаттарынын бирине кысым көрсөтүү үчүн жасаган дагы бир чектен чыккан мыйзамсыз кадамы болуп саналат. Ушул жана башка бардык “Азаттык” радиосунун ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтоосуз токтотулушу керек», — деди Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча Нью-Йорктогу программалык координатору Гулноза Саид.

Ал кыргыз бийлиги «көз карандысыз медиаларга душман катары мамиле кылууну токтотуп, «Азаттыкка» жана башка көз карандысыз ЖМКга куугунтуксуз жана тоскоолдуксуз иштөөгө мүмкүндүк бериши керек деп белгиледи.

«Медиа Полиси институтунун» юристи Акмат Алагушев Журналисттерди коргоо комитетине курган маегинде «Азаттыктын» банктык эсебинин бөгөттөлүшүн «күлкүлүү» деп эсептеди. Ошондой эле Алагушев «Кыргыз бийлиги “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуп жатканын» кошумчалады.

«Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөө

Эсепти бөгөттөөдөн тышкары буга чейин Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамына таянып «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана андан «стандарттардын бузулганын аныкталбаганын» билдиришкен.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык» «Демирбанктагы» эсеби бөгөттөлгөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, эсептин бөгөттөлгөнүн «Азаттыкка» банктын кызматкерлери оозеки ырастаган. Алар «бул тууралуу УКМКдан билдирме алганын» айтышкан.

Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигин «“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.