«Азаттык» банктагы эсеби бөгөттөлгөнүн кабарлады

«Азаттык Медиа» 31-октябрда «Демирбанктагы» эсеби бөгөттөлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, эсептин бөгөттөлгөнүн «Азаттыкка» банктын кызматкерлери оозеки ырастаган. Алар «бул тууралуу УКМКдан билдирме алганын» айтышкан.

«Азырынча "Демирбанк" "Азаттык Медиага" расмий билдирме бере элек. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сурады», — деп жазылат басылма тараткан маалыматта.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтен буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошол эле учурда «Азаттыктан» айыптоону четке кагышып, «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп билдиришкен.

ЖМКга басым күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын журналисттери 28-октябрда тилектештик акциясын өткөрүшкөн. Ага ылайык, саат 9:00дөн 12:00гө чейин ММКлар материалдарды чыгарган эмес. Мындан сырткары бир күн бою маморгандардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышкан.

Ошондой эле Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилеп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Алар өлкө башчысына анын басма сөз кызматысыз жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, бир катар талаптарды коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги «Азаттыктын» каттоо документтерин текшерүүгө алды

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты