Бишкекте кош бойлуу аялдарды акысыз ташыган айдоочу сыйланды

Сүрөт: Транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгы

Бишкек шаарында кош бойлуу аялдарды акысыз ташыган 113-кичи автобустун айдоочусу Ишен Сереков Транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын номиналдык сааты менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кесиптик майрамдын урматына автобус, троллейбус жана кичи автобустардын өзгөчөлөнгөн айдоочуларына сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле «Бишкек троллейбус башкармалыгы», «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери сыйланышты. Сыйлыктарды аталган департаменттин директору Максат Нусувалиев тапшырды.

Кыргызстанда автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын 28-октябрда белгиленет.