Factcheck.kg: Кыргызстан быйыл Орусияга 10 млн сомго куралдын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогон

Factcheck.kg басылмасы Кыргызстан 2022-жылдын алгачкы сегиз айында Орусияга дээрлик 10 млн сомго куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогонун аныктады. Журналисттер мындай бүтүмгө өлкөлөрдүн ортосундагы товарлардын экспорттук-импорттук операцияларын анализдеп чыккандан кийин келишкен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан ушул жылдын январь-август айларында куралга орнотуу үчүн телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрү; перископтор; машиналардын, аспаптардын, шаймандардын же аппараттардын бөлүктөрү катары даярдалган көрүү түтүктөрү” деген аталыштагы товарлардын тобун 67 млн сомго (1575 даана) импорттогон.

Ошол эле учурда, баасы 9,7 млн сомду түзгөн 285 даанасын Орусияга саткан. Баасы дээрлик 300 миң сом болгон дагы бир жабдык АКШга жиберилген.

Factcheck.kg басылмасы 2022-жылы куралдардын мээлөөчү дүрбүлөрү Кыргызстанга өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп киргенин белгиледи. 2021-жылы өлкөгө баасы 30 млн сомду түзгөн болгону 514 даана дүрбү ташылып келген.

2022-жылы Кыргызстан мындай товарларды өткөн жылга салыштырмалуу жети эсе көп экспорттогон — 2021-жылы 1,3 млнго 41 жабдык сатылган. Баары Орусияга жиберилген.

2020-жылы Кыргызстан бул топтогу жабдыктын 599 даанасын импорттоп, бир даана дагы экспорттогон эмес.

Орусия дээрлик 9 айдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында кол салган.

БУУнун 31-октябрга карата маалыматына ылайык, согуштан улам Украинада 6 430 жай тургун каза тапты. Дагы дээрлик 10 миң киши жарадар болду. Бирок уюмдан бул жыйынтыктоочу сандар эместигин, курмандыктар мындан да көп болушу мүмкүндүгүн белгилешти. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.

Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.

Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген.

Июлдун орто ченинде Америка Кыргызстанды санкция салынган товарларды Орусия менен Беларустун аймагына өткөрүшү мүмкүн деген транзиттик өлкөлөрдүн тизмесине киргизгени маалым болгон.

Андан тышкары, тизмеге Кыргызстандан тышкары Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израиль, Сербия, ТАР, Тайвань, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан кирген.

Эми Орусия менен Беларуска аталган өлкөлөрдөн келип түшкөн товарлар санкция салынган продукциянын катарына киреби-жокпу тыкыр текшерилет.

Сентябрдын орто ченинде АКШнын Финансы министрлиги орусиялык «Мир» карталарынын оператору болгон Улуттук төлөм карталар системасынын (УТКС) иши экинчи жолу санкция астында калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Мекемеден УТКС менен келишим түзгөн финансылык уюмдар «Орусиянын АКШ салган санкцияларды буйтап өтүү аракетин колдоо тобокелчилигине барат» деп белгилеген.

Бүгүнкү күндө кыргызстандык банктардын жарымы орусиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтоткон.

Эксперттердин пикиринде, кыргызстандык компаниялар же банктар санкция салынган товарларды Орусияга ташып кирүүгө же салынган санкциялардан айланып өтүүгө жардам берсе, бул Кыргызстанга экинчи жолку санкция салынышына себеп болушу мүмкүн.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.