АКШ Кыргызстанды санкциядагы товарларды Орусияга өткөрүшү мүмкүн деген тизмеге киргизди

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстанды санкция салынган товарларды Орусия менен Беларустун аймагына өткөрүшү мүмкүн деген транзиттик өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Тизмеге Кыргызстандан тышкары Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израиль, Сербия, ТАР, Тайвань, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан кирген.

«Бул өлкөлөргө көзөмөлгө алынууга жаткан товарлар чийки зат катары мыйзамдуу экспорттоло бериши мүмкүн, бирок аларды андан ары Орусия жана Беларуска экспорттого тыюу салынган. Айрыкча аскердик максатта колдонула турган техника тынчсыздантат», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында.

«Бай Элим Компани» ЖЧКсынын башкы директору Рысгүл Акимжанова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде бул Кыргызстандын туруктуулугуна жана анын дүйнөлүк аренадагы рейтингине терс таасирин тийгизерин айтты. Акимжанова АКШнын чечими эмне үчүн аргасыз болгонун түшүндүрдү.

«Келечекте, эгер бул санкциялар иштей турган болсо, биз ага кабылабыз. Анткени, биринчиден, биз азыр да бажы биримдигине киребиз, экинчиден, биздин негизги товар жүгүртүүбүз Орусия жана Кытай менен жүргүзүлөт. Санкцияларга кабылбаш үчүн бажы биримдигинен чыгып, Орусия менен чек арабызды жаап, башка өлкөлөр менен товар жүгүртүп башташыбыз керек. Анан да биздин логистика Кытай жана Казакстан менен гана жолго салынгандыктан, азыркы учурда бизде тандоо да, андан чыгуунун жолу да жок», — деп айтты ал.

Акимжанова санкциялар Кыргызстанга кандай коркунуч туудурарын да түшүндүрүп берди.

«АКШ жана Европа өлкөлөрү мененки товар жүгүртүүбүз Орусияныкындай чоң эмес. Бирок алар каржылоо жактан таасир этиши мүмкүн. Бизге гранттар көп келет, мисалы, ошол эле USAID. Бүткүл дүйнөлүк банк көптөгөн гранттарды, насыяларды жана башка инвестицияларды бөлөт. Алар ошол каржылоону токтотуп, башка өлкөлөрдү биз менен кызматташуусун токтоткула деп суранышы мүмкүн. Биздин бактардагы свифттерди [эл аралык акча которуулар] жаап коюулары мүмкүн, бирок андай болуп кетет деген тобокелдикти көрө элекмин», — деп айтты Акимжанова.

Ал бул Кыргызстандын экономикасында чоң деле роль ойнобойт, бирок өлкөгө саясий жактан «катуу таасир этет» деп эсептейт. Анын пикиринде, бул өлкөнүн туруктуулугуна жана анын дүйнөдөгү рейтингине терс таасирин тийгизет.

Украинага кол салуу

Орус аскерлери Укрианага кол салган күндөн бери төрт айдан ашып калды. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында «атайын операция» деп атап жатат.

Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия Орусияга карата экономикалык санкцияларды салган.

Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген. Бирок акыркы убактарда кыргыз жана орус бийлиги жакындашууга аракет кылып жатышканы байкалууда.