Министрлер кабинети тамеки каражаттарынын эң төмөнкү чекене баасын бекитти

Министрлер кабинети тамеки жана электрондук тамеки каражаттарынын бир катар түрлөрүнө эң төмөнкү чекене бааны бекитүүнү чечти. Мындай чечим 4-ноябрдагы жыйында кабыл алынды.

  • Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй баада сатылат:
  • бир куту тамеки (чыпкалуу жана чыпкасы жок) 100 сомдон ылдый болбойт;
  • ысытыла турган тамекиси бар заттар (стик) 100 сомдон;
  • бир жолу колдонулуучу вейптер 250 сомдон (2024-жылдан тарта — 300 сом);
  • электрондук тамекилер 1300 сомдон ылдый эмес (2024-жылдан тарта 1400 сомдон).

Минкабдын басма сөз кызматы бул кадам калктын саламаттыгын бекемдөө жана курамында никотин бар тамеки продукцияларын колдонууну кыскартуу максатында жасалганын белгилешти.

Тамекинин бардык түрүнө бааларды көтөрүү сунушун Экономика министрлиги берген. Ведомство мындай продукция Өзбекстан, Орусия жана Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда эң арзан экенин белгилешкен.

Экономика министрлигин маалыматына ылайык, чыпкалуу тамекилердин азыркы таптагы орточо баасы 94 сом, ысытыла турган тамекиси бар стиктер — 102 сом, ал эми бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилердин бир даанасы — 250-300 сомду түзөт.