Экономика министрлиги тамекинин бардык түрүнө бааны көтөрүүнү сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги «Тамеки жана никотин курамдуу заттардын минималдуу чекене бааларын белгилөө тууралуу» токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ 1-августтан тарта коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, минималдуу чекене баалар төмөнкүлөргө тиешелүү:

  • тамеки;
  • ысытыла турган тамекиси бар заттар (стик);
  • бир жолку колдонулуучу электрондук тамеки.

Ошентип, 2023-жылы тамеки менен стиктин бир кутусунун минималдуу баасы — 105 сомду түзөт. Никотин суюктугу бар бир жолку колдонулуучу электрондук система 350 сом болот. Эң төмөнкү баа — бул чекене соода түйүндөрдө тамеки, стик жана бир жолу колдонулуучу электрондук системалардын сатылбай турган баасы.

Экономика министрлигин маалыматына ылайык, чыпкалуу тамекилердин азыркы таптагы орточо баасы 94 сом, ысытыла турган тамекиси бар стиктер — 102 сом, ал эми бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилердин бир даанасы — 250-300 сомду түзөт.

Ведомство мындай продукция Өзбекстан, Орусия жана Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда эң арзан баада экенин баса белгилейт.

Ошол эле кезде, токтомдун долбооруна ылайык, 2026-жылы тамеки менен стиктин бир кутусунун минималдуу баасы 140 сомго чейин, ал эми никотин кошулган бир жолку колдонулуучу электрондук тамекилердин баасы 700 сомго чыгышы керек.

Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт. Документке ылайык, салык кызматы тамеки курамдуу заттардын, анын ичинде ысытыла турган тамеки бар заттар, электрондук тамекилер жана алар үчүн суюктукка болгон бааны кайра карап чыга алат.

«Бааны көтөрүү аркылуу жаштар үчүн жеткиликтүүлүктүн төмөндөшү тамеки колдонуучулардын санынын азайышына алып келет, ал эми тамеки буюмдарынын минималдуу баасын жогорулатуу салык кирешелерин көбөйтөт», — деп айтылат токтом долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.