Жапаров тааныш салып же акчага айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей турганын айтты

12-ноябрда президент Садыр Жапаров тааныш салып же акчага айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей тургандыгын айтты. Ал мындай аракеттерге баргандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Жапаров «Унаа» мамлекеттик ишканасында жана күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлер «айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкандарына белекке берип келгени эч кимге жашыруун эмес» деп белгиледи.

«Ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт. Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген», — деди ал.

Өлкө башчысы компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талапка карабай, мыйзамсыз иштерди жасагандар болуп жатканын белгиледи.

«Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы катары зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонгонун көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан. Кайсы кызматкер прокуратуранын кайсыл кызматкерине чалганы, ким-кимге “крыша” болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалыматым бар. Андыктан, акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барганды токтоткула!» — деди ал.

Жапаров кыргызстандыктарды айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупциялык схеманы жоюуга салып кошууга чакырды.

Айдоочулук күболүктөн ажыратуу мыйзамы

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ички иштер министрлиги мас абалда унаа башкаргандарга жазаны күчөтүп, айрым эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу мыйзамын сунуштаган.

Мисалы, унааны мас абалда башкаруу үчүн 3 жылга, ал эми унаа бейбаштыгы үчүн жарым жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталган. Эгер айдоочу алкоголдук ичимдикти ичкен же ичпегенин текшерүүдөн баш тартса, анда жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылары айтылган.

ИИМ сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдө айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу «унаа башкаруу укугун колдонуу тартиби одоно жана дайыма бузулганда» болот деп айтылат. Мында айдоочу күбөлүктөн кеминде жарым жылга ажырайт.

ИИМ жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча кодекске айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүчү беренени дагы кошууну сунуштап жатат. Айдоочунун билими эгер ал жыл ичинде эки жолудан ашык жол кыймылынын эрежелерин бузса текшерилмекчи.