Мадумаров: Президенттин администрациясы боттор фабрикасынын ордуна тигүү цехтерин ачсын

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров президенттин администрациясына боттор фабрикасынын ордуна тигүү цехтерин ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал 15-ноябрда «Адилет» укуктук клиникасы жана Internews уюштурган «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам демилгелери» деп аталган тегерек столдо айтты. Тегерек столдун катышуучулары президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү чуу жараткан мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

«Урматтуу Мурат [Укушев, президенттин жана минкабдын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы] мырза, Дайыр [Орунбеков, президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси] иним отурат, Дайыр иним аябай машыккан, дал ушул жактардан, абдан жакшы билет ушундайларды. Ошол баякы, биздин кесиптештерибиз айткан ботторду токтоткула. Акча берип ошолорду кармаган фабрикаларыңарды жапкыла. Андан көрө көйнөк тиккен фабрикаларды ачкыла. Мектеп формасын тиге турган фабрика ачкылачы айланайындар. Силер өтө көп ачып жибердиңер андай [бот] фабрикаларды», — деди Мадумаров.

Бул тууралуу тегерек столдо парламенттин дагы бир депутаты Дастан Бекешев да айтты. «Фейк-троллдор жана бот-фермаларды бизде кимдер башкарарын баарыбыз жакшы билебиз», — деп белгиледи ал.

Фейктер жана троллдор фабрикасы

Өлкөдө фейк жана троллдордун фабрикалары айрыкча шайлоо учурунда өтө активдүү колдонулат.

2020-жылы «Клооптун» журналисттери 800гө чукул фейк аккаунтту талдап, фейктер фермасы кандай иштеп, алар кимдерди коргогонун, бул сыяктуу «колдоо тобун» уюштуруу канча турарын аныкташкан. Журналисттер Садыр Жапаровду колдогон фейктердин профилдерин изилдеп жатып алар бир күн мурда эле «Мекеним Кыргызстанды» колдогонун аныкташкан.

Factcheck.kg басылмасы 2022-жылдын август айында 2020-жылдагы шайлоо учурунда пайдаланылган троллдор фабрикалары жөнүндө иликтөө жарыялашкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, саясатчылар чыныгы адамдар соцтүйүндөр аркылуу комментарий жазган оффлайн-фабрикаларды да, автоматташтырылган бот-фермаларды да пайдаланышкан.

Журналисттердин маалымак булагы автоматташтырылган троллдор фабрикасын «Мекеним Кыргызстан» партиясы активдүү пайдаланганын айткан. Булактын айтымында, мындай фабриканы пайдалануу үчүн партия 350 миң доллар сарптаган.