Митингге катышпасам деле кармап кетишти — укук коргоочу Азиза Абдирасулова

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынан жанында күч колдонуу менен кармалды. Милиция Абдирасулова эмнеге боюнча айыпталып жатканын маалымдаган жок, бирок укук коргоочу Биринчи май РИИБне алып келинди.

Укук коргоочу өзү журналисттерге митингге катышпаганын, эмне үчүн кармап кетишкенин билбесин айтты.

«Митингдерге катышсам катыштым деп эле айтам. Кандай талаптарым, өтүнүчүм бар экенин дайыма айтам. Бирок бул ирет мен катышуучу эмесмин. Мен ал жакка [Жогорку Кеңештин имаратына] келгенде, ал жерде адамдар жок болчу (милиция бир катар талаптарды айткандан кийин митингге чыккандар Горький атындагы паркка кетишкен — редакциянын белгилөөсү). Төрт-беш эле киши туруптур, милиция кызматкерлери көп экен. Мага Горький скверине баргыла деп эскерте башташты. [Эмне үчүн ал жакка барышым керектигин] түшүнө албай турдум. Андан кийин кармай башташты», — деди укук коргоочу колунда эч бир плакат болбогонун белгилеп.

Абдирасулова кармалганы тартылган видеодо милиция түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып, мындан улам укук коргоочу жерге отуруп калганын көрүүгө болот. Анын айтымында, бул буттары ооругандыктан болгон.

«Буттарымда темир бар. Түртүп салышса кулап калам. Мени кармап жатышканда кулап калдым. Алар чын эле мени сүйрөй башташты да», — деди ал.

Укук коргоочу милиция наркологияга алып барып, күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө аракет кылганын, бирок адвокаттын жоктугунан баш тартканын кошумчалады. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, кармоо учурунда милиционерлер Азиза Абдирасулованы «чегип, ичип алган» деп айыпташкан.

Укук коргоочу кармоо басым кылуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт. Абдирасулова кармалуусун укук коргоочулук ишмердиги жана Фейсбукта Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен саясатчылар тууралуу маалыматтарды чыгарып турганы менен байланыштырат.

Милиция менен «аңгемелешүү»

Күн мурун Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Анын айтымында, милиция кызматкери жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн Фейсбукта азыраак жазууну сунушташкан.

«Мага карата басым болду. Ага чейин артыман кайсыл бир кызматкерлер [аңдып] жүрүшкөн. Кармап кетишет деп күткөм, бирок мынчалык акылсыз, негизсиз болот деп ойлобопмун […] Кечээ сигнал болгон, митингден жүз метр алыс турсам дагы баары бир кармап кетишмек», — деп белгиледи Абдирасулова.

Бишкекте 15-ноябрда Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өткөрүлүшүнө каршы митинг өттү. Акцияга катышкандар депутаттарга кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун ратификациялабоону суранышкан. Макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтөт. Кыргызстан анын ордуна башка облустардан 19 миң гектардан ашык жер алат.

Келишимдин долбоорун парламенттин профилдик комитети 15-ноябрда карай турганы күтүлүп жатат. Андан кийин келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин ратификациясына жөнөтүлөт.