Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милиция аңгемелешүүгө чакырганын айтты

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 15-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырганын айтты.

Абдирасулова жолугушуу 14-ноябрь күнү кечинде көчөдө болгонун белгиледи.

«Мени менен кошо барган адвокат Чынара Жакупбековага ыраазымын. Мага кылган доомат фейсбукка жазгандарымда экен. Жазгандарымды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн фейсбукка көп жаза бербешимди эскертти. Көрсө менин жазгандарым жабык маалымат экен. Бирок мен фейсбукка чыгарган кайсы маалымат мыйзамсыз жана опурталдуу экенин анык айткан жок», — деди ал.

Укук коргоочу «караңгыда мындай аңгемелешүүнүн эмне зарылдыгы бар экенин» түшүнбөй жатканын айтты. Ал ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратура бул боюнча түшүндүрмө берет деген ишеничте экенин» кошумчалады.

«Коштошуп жатканда менден “Жетекчиликке тил табышпадык деп айтайынбы?” — деп сурады. Мен Кемпир-Абад маселеси боюнча өз пикирим бар, жетекчилигине да ошентип айтсын дедим», — деп жазды Абдирасулова.

Буга чейин, 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылардын үйлөрү тинтүүгө алынып, алар кармалган. Азыркы тапта 26 адамдын кармалганы белгилүү.

Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик бардыгын эки айга камакка алган. Ал эми шаардык сот кармалгандардын адвокаттарынын аппеляциялык арыздарын карап, бирөөсүн гана үй камагына чыгарып, калгандарын 20-декабрга чейин абакта калтырган. Үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери «демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын» айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган.

Тема боюнча:

Массалык камоолор: Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарып, калгандарын абакта калтырды