Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 15-ноябрда «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Ошондой эле депутаттар «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы үч окууда кабыл алышты.

Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү мыйзам долбоорун үч окууда жактырып берүү тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушун келтирди.

Добуш берүүгө жалпы 14 кишиден 7 депутат гана катышты. Ал эми Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Чыңгыз Айдарбеков баштаган беш эл өкүлү келишимди ратификациялоого каршы болуп, отурумдан чыгып кетти.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мыйзам долбоору боюнча кескин сын айтып, бул «кыргыз мамлекетине өтө катуу сокку ура турчу келишим» деп белгиледи. Ал мыйзам долбоорун сунуштап жаткан өкмөттүн мүчөлөрү «Өзбекстандын адвокатындай сүйлөп жатканын» кошумчалады.

«11-беренеде “бул макулдашуу мөөнөтсүз, күчүнө кирет, макулдашуу денонсациялоого тийиш эмес” деген сөз — “колуңду, бутуңду байладым, кыргыз” деген сөз. Бул жерде отурган “адвокаттар”, “кызмат көрсөтүүчүлөр», Өзбек Республикасынын эмгек сиңирген ишмери деген наам алууга татыктуусуңар», — деп эл өкүлү долбоорду сунуштагандарды сынга алды.

Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча «тарыхый документтерде жер алмашуу жөнүндө сөз болгон эмес» деп билдирди. Ал суу сактагыч курулган «кыргыздын эң жемиштүү жеринин ордуна Өзбекстан башка аймактан жер бөлгөнүн, бирок ал жер алмашууга жатпай турганын» айтты.

«Ошол жерлерге компенсация кылышы керек болчу, бирок аны жасабай койду. 4 миң гектар эле беришти. Милдеттенмелердин арасында [өзбек тарап] канал куруп берели деген. Белгилүү адамдын кагаздарында, баяндамаларында “100 миң гектарды суу менен камсыздоо үчүн канал курушат” деп жазылып турат. Азыр 8 миңге түштүк. 100 миң гектар жер жөн эле [иштетилбей] турат. Ал үчүн бизге эч кандай компенсация жасашкан жок», — деди ал.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков чек ара маселеси «оптом, пакети менен каралбай турганын» айтып: «Эмнеге шашып кабыл алып жатабыз?» — деп өкмөттүн өкүлүнө суроо салды.

Ошондой эле ал Кемпир-Абад маселеси боюнча чечим кабыл алууда «эң аз дегенде эки жылга мораторий жарыялоо керек» экенин кошумчалады.

Буга чейин, 3-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимге кол койгон. Ал келишимде Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу камтылган.

«Эл аралык келишимдер жөнүндө» мыйзамга ылайык, документтер күчүнө кириши үчүн Кыргызстандын парламенти ратификациядан өткөрүшү керек. Андан соң документке эки өлкөнүн президенттери кол коёт.

Чуу жараткан келишим

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилиши мүмкүн деген жашыруун келишимдин айланасында уу-дуу болуп атат.

Парламентте бул документ боюнча талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алышкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүнү шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 26 кишини «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Кыргызстандын президенти менен өкмөтү кол коюуга шашылып жаткан мамлекеттик чек арага байланышкан Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек.

Бирок Өзбекстанга башка райондордогу жерлердин ордуна Кемпир-Абаддын чөйчөгү өтүп жатканы жана суу сактагычтын айланасындагы жаңы чек ара «900-горизонталдык контур» боюнча өтө турганы белгилүү. Бул — топографиялык картада жерликтин рельефин деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте курчап турган изолиния.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 900 деген белги — Кыргызстан үчүн утуш деп ишендирип жатат.

Бирок 900-горизонталь боюнча кыргыз-өзбек чек арасы так кайсыл аймактардан өтөөрү белгисиз. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер чек ара 900-горизонталь боюнча өтсө, «сууну жана суу сактагычтын тегерегиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда.

Тема боюнча:

Жаңы чек ара кайдан өтөт? Кемпир-Абадды кыдырып, кол жууп кала турган жерлерди картага түшүрдүк