Өзбекстандын жаңы чек арасы өтүп калышы мүмкүн болгон 900-горизонталь кызыл түс менен белгиленди. Кыргызстандыктардын айдоо аянттары сары түстө. Карта: Google Maps, «Клооп»

Күз ичи кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилиши мүмкүн деген жашыруун келишимди айланасында уу-дуу болуп атат. Бирок жаңы чек ара сызыгы кайсы жерден өтөөрүн алигиче эч ким билбейт: чукул арада коңшу өлкөнүн президенти иш сапары менен келет деп күтүлүп жатса да, документтер дагы деле жарыялана элек.

«Клооптун» журналисттери суу сактагычка келип кошулган үч дарыянын куймасын кыдырып, айыл тургундары менен баарлашып, топографиялык маалыматтардын негизинде болжолдуу картаны иштеп чыкты. Ага ылайык, кыргыз эли көп сандаган түшүмдүү жерлеринен кол жууп калышы мүмкүн.

Какыраган тоо, нымдуу өрөөн

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылы бардык шарты бар, өнүккөн айыл көрүнөт: заңгыраган үйлөр, тротуарлар, көчөлөрү жарык, жолду катар эмгеги сиңген атуулдардын портрети илинип турат. Бирок Аваз Шадманов көчөсүнөн кайрылганда эле бозала чаң сапырылып, айдоочуларды чаңдатпай жайыраак айдачы деп суранышат.

Фергана өрөөнү түшүмдүү, берекелүү деп айтылганы бекер эмес. Бирок аймак толугу менен ошондой деп айтууга да болбойт. Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы көк майсаң адырлардын алды — чопосу күлдөй сапырылган таштактуу талаа.

Мындан 60 жыл мурда жергиликтүү дыйкандардын ата-бабалары мындан ылдый, Ханабадга кетчү жолду бойлой жашашчу. Ал жердин кыртышы жакшыраак болчу. Бирок өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягында Өзбекстан үчүн курулган жаңы көлмөнүн суусу төрт айылды басып калып, тургундарды өр талаштыра, дөбөгө көчүрүшкөн. Жашоону жаңыдан баштоого туура келген. Азыр Кызыл-Октябрь айылында беш миңге жакын адам жашайт — бул эки миңдей түтүн.

«Айыл өкмөттүн балансында 240 гектар айдоо жери бар, аны аукцион аркылуу ижарага алып иштетип келебиз, — дейт Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Өмүрбек Чолпонов. — Мындан тышкары, бир түтүндө 5тен 30 сотыхка чейинки жерлери бар. Бизге суу канал аркылуу жогорку жактан, Кочкор-Ата суу сактагычынан келет. Сугат үчүн гектарына миң сомдон беребиз».

«Бирок бул анча жакшы жер эмес, — деп түшүндүрөт дагы бир айыл тургуну, Асилбек Эгемулов. — Көбүнчө алма менен өрүккө ылайыктуу, ошондо да түшүм аба-ырайынан көз каранды. Анысы аз келгенсип сууну дагы чектеп беришет. Мисалга, биз үй-бүлөдө жети кишибиз, 40 сотыхка жакын жерибиз бар. Жүгөрү эгебиз, бирок түшүм жетишсиз. Бир жыл тыңыраак жашаш үчүн жок дегенде бир гектар керек: арпа, жүгөрү эккенге».

Сүрөт: «Клооп»

Ошондуктан ондогон жылдардан бери Чолпонов, Эгемулов жана башка жергиликтүү дыйкандардын үй-бүлөсү суу сактагычка үмүт артып келишет. Тагыраак айтканда, Куршаб дарыясы куйган түздүккө. Жазында, тоолордо кар эригенде Кемпир-Абад куймаларды басып калат. Ал эми жай менен күздө, Өзбекстандын айдоо талааларында сугат башталганда суу тартылып, түшүмдүү кара топуракты жылаңачтайт.

Ал жерге эгилгеннерсе алда канча жакшы өсөт — керек болсо азыр, октябрдын ортосунда дагы эңкейиште чөп дагы деле көгөрүп турат. Бул жерди сугарыш үчүн акы төлөөнүн кереги жок: бир аз казсаң эле суу чыгат. Ал үчүн ижара акысын да алышпайт. Бирок суу басып калса эмгек талаага кетет, андыктан тобокелге салып айдап-себүүгө туура келет.

Сүрөт: «Клооп»

«Кээ бир жылдары суу келбейт, түбү ачылат, биз аны жайыт катары колдонобуз, — дейт Чолпонов. — Бул жерге мал жаябыз, кээде чөп чабабыз, кээде бир нерсе эгип, түшүм алабыз. Кээ бир жылдары суу эгинди каптап кетип, баарынан куржалак калабыз. Эмнеси болсо да [жерибиз бар экенине] ыраазыбыз».

«Ооба, бул жерде дыйканчылык кылуу опурталдуу, быйыл суу бул жерге чейин жетип атты, кара сызыкты көрүп жатасыңарбы? — деп көрсөтөт Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн депутаты Бектур Топчубаев. — Бирок биздин айылдыктар болбой эле арпа себишиптир: бул жерде 50 га, анан тигил жерде 60 га. А бул жерде буудай менен жүгөрү айдашкан. Сабизи, картошкасы да бар. Жанында, көрдүңөрбү, мал-жан үчүн жайыт».

Сүрөт: «Клооп»

Бирок жергиликтүүлөр үчүн эң башкы байлык — Борбор Азияда эң мыкты аш демделчү Өзгөндүн «девзира» кызыл күрүчү. Аны бүткүл Фергана өрөөнү өстүрөт, бирок дал ушул Өзгөндүн топурагы менен климаты ага кайталангыс даам берет. Күрүч талааларынын басымдуу бөлүгү дал ушул Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында — Кызыл-Октябрь, Кароол, Мырза-Арык жана Ана-Кызыл баштаган жети айылда жайгашкан.

Учурда, керек болсо Түштүк Кореяда жогору бааланган өзгөн күрүчү — жергиликтүүлөрдүн негизги киреше булагы. Эгерде мамлекет фермерлерге тазалоо жана таңгактоо үчүн жабдуу алып берип, жардам бергенде Кыргызстандын визиттик карточкасы деле боло алмак. Бирок азыр бийлик Кемпир-Абаддын жазында суу каптап, кийин тартылып кетүүчү түшүмдүү жерлердин бир бөлүгүн Өзбекстанга бериши мүмкүн. Биздин көрүп турганыбызга карата айтсак, суу сактагыч менен кошо күрүч талаалары да кошо кетчүдөй.

Сууну алгыла, жерге тийбегиле

Биз Бектур Топчубаев менен Кызыл-Октябрь айылынын четинде турабыз. Артыбызда айылдын т ам-ташы, эки метр ылдыйда — булуң. Депутат деңиз деңгээлинен 900 метр сызык кайсы жерден өтөөрүн аныктоо үчүн жергиликтүүлөр ижарага алган геодезиялык приборду көрсөтүп жатат. Кыргыз бийлигинин айтымында, дал ошол «900-горизонталь» аркылуу чек ара сызыгы өтөт. Ошол деңгээлге чейин Өзбекстан суу сактагычты толтура алат.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 900 деген белги — Кыргызстан үчүн утуш деп ишендирип жатат. Учурда плотина суу сактагычты 906 метрге чейин толтурууга мүмкүндүк берет, эгер Өзбекстан менен чек араны ушул линия менен өткөрө турган болсо, дыйканчылык менен алектенген кыргыздарга түшүмдүү жерлер таптакыр калбай калат. Бирок Кемпира-Абадга мындай деңгээлге чейин чанда гана суу толот дейт Топчубаев. Адатта суу 900 метрден ылдый толуп, жерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Ошондуктан жергиликтүүлөр суу сактагычты берүүдөн эч кандай пайда көрбө турушат, бир гана зыян болот дешет. «Биз Кемпир-Абаддын суусун пайдаланбайбыз, андагы жерди пайдаланабыз — дейт Өмүрбек Чолпонов. — Бизге баары кандай болсо, ошондой калганы пайдалуу».

Бирок бийлик элдин сөзүнө кулак салбай жатат. «Чек ара кайдан өтөөрүн эч ким түшүнбөй жатат. Мисалы, бул элдик талкууга кирген жок. Жергиликтүү кеңеш дагы билбейт, — деп кыжаалаттанды Бектур. — Комиссия келди, ооба, бирок жергиликтүүлөрдүн ичинен эч ким макулдук берген жок. «Комиссия ишин иштей берсин, ишин кыла берсин» деген эле буйрук келди да мамлекет тараптан. Мыйзам боюнча ушул жергиликтүү эл чечиши керек да бул жерди [берүү же бербөө керектигин].

Сүрөт: «Клооп»

Кызыл-Октябрь айылынын четинен 900-горизонталды өткөрүү үчүн казыктар да кагылган. Казыктар эгин талаасынан бир топ өйдө жакта жайгашкан, демек тээтиги турган дарактарга чейинки жер Өзбекстанга өтүп кетет деп көрсөттү депутат. Алга айылындагы бир нече үй ошол аймакка кирип калат.

Өзбекстандын чек ара тосулбайт деген убадасына жергиликтүүлөр ишенбейт. «Булар адамдарын, айылын алып келип коёт, — деп болжоду Топчубаев. — Айылдын четинен. Сөзсүз келишпестик болот. Бир күн болбосо бир күнү бул жерге өзбектердин конушу келет. Биз ошого кооптонуп жатабыз. Жер берилип жатат. Бул жерде мына аксакалдар, биздин чоң аталарыбыз жашаган айылдар болгон. Сөөктөрү дагы ошол жерде калган. Эгер [Кемпир-Абад] берилсе, биз экинчи Баткенге айланабыз. Ошондуктан биздин эл каршы, чек ара, Кемпир-Абад бузулбасын, мурдагыдай калсын деген гана талап [болууда]».

Бул ураанды — сууну алгыла, жерге тийбегиле деген лозунгду биз андан кийин да, [Өзгөндө өткөн] курултайда да, андан соң башка айылдарда да көп жолу уктук. Бирок, өкмөт жер маселеси жок сыяктуу, «суу сактагычты биргеликте пайдалануу» тууралуу гана айтып туруп алды.

«А эгер эртең президент алмашып кетсечи?»

Өзгөнгө жакын, Кара-Дарыянын куймасында Кемпир-Абаддын коңшуларга берилип жатканын эч ким укпагандай. Күрүч талаасындагы дыйкан жооп иретинде ийнин куушуруп отурат. Дагы бир атчан биздин сурообузга көңүл бурбай, аты менен каналды көздөй чаап кетти. Жолдо чаңды асманга сапырып чөп жүктөгөн «Портер» өтүп кетти, кабинанын ичиндеги адамдар да эч нерсе укпаптыр. Айылдагы дүкөндүн эшигинде айыл чарбасы үчүн 23%дык жеңилдетилген насыя деген жарнак илинип турат —ушундай шартта капитал тартуу, өнүгүү тууралуу сөз кылуу кыйын.

Мырза-Арык айылынын 50 жаштагы тургану Жыргалбек Көкөнов Кемпир-Абад жөнүндө билет. Анын үй-бүлөсү дагы мурда күрүч айдачу, Көкөнов суу сактагычтын коңшу өлкөгө берилишине каршы. Бирок бул боюнча бир чара көргүдөй каршылыгы жок. «Бул жерде жер жакшы, жер көп, — дейт ал. Сууну 1000 метр деңгээлге көтөргөн күндө деле баарын каптап кетпейт».

Сүрөт: «Клооп»

Балким бул жерде чын эле кызгана тургандай жер аз эместир? Бирок кептин баары башкада экен: жергиликтүү кеңештин депутаттары дыйкандарга суу сактагыч тууралуу айтпаптыр, бирок өздөрү суу сактагычты Өзбекстанга берүүгө макул деп добуш беришкен экен.

Кароол айылдык кеңешинин депутаты Нурбек Бегматов кесиптештеринин кылыгы үчүн уялып жатканын айтат. «Башка айыл башкармалыктары кандай экенин билбейм, бирок биздики тургундарга зыян келтирип жаткандай, — дейт ал. — Элге толук маалыматты бериш керек, мүмкүн болсо ай сайын ар бир үйгө кирип чыгыш керек. Биздин адамдардын көбү буга кандай карайт экенин билүү керек да. Бул Кыргызстандын келечеги, мындай маселени эл чечиши керек».

Нурбек менен чогу биз бара жаткан Кара-Дарыянын оозун камыш басып турат. Бул жерде суу май айында да турат, ошондуктан тегерегиндеги айылдар — Мырза – Арык, Караоол, Орто-Арык, Шералы — айылдарынын тургундары бир гана күрүч айдашат. Ага кошумча кой, жылкы багып, камышты аралап балык дагы уулашат.

Сүрөт: «Клооп»

Өзбекстан менен чек ара Абдрахман-Көл деген жерден башталышы мүмкүн деп көрсөттү жергиликтүү депутат. Айыл бул жерден бир топ эле алыс, «900-зонага» салыштырмалуу күрүч талаасынын бир аз эле жери кириши мүмкүн. Бирок Нурбек кооптонуп турат.

«Бизге 900-горизонталь тосулбайт деп ишендирип жатышат, а бирок эртең Өзбекстандын президентти алмашып кетсечи? Анда анын чек араны тосконго толук укугу бар болуп калат. А бул биздин малчыларга жана жашоочуларга зыянын тийгизип калат» — дейт ал.

«Адистер келди, биз аларга ишендик

Кемпир-Абадга кошулган үч дарыянын бири Жазы, Ана-Кызыл жана Кеңеш айылдарынын ортосундагы көпүрөдөн улам ири көрүнөт. Бир кезде ал аркылуу жандуу Өзгөн жолу өтчү, азыр болсо мал алып өтүшөт. Көпүрөтүн астында жергиликтүү байкелер даамдуу — маринка балыгын кармашат. Маринка майда форелге окшош жана Жапаров менен Ташиевдин убадаларындай даамдуу. Бирок, курсагындагы кара плёнканы алып салбаса, адам ууланышы мүмкүн дешет.

Бул көпүрө, мындагы негизги багыттамалар — Ош-Бишкек жолу жана электр чубалгысы. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1983-жылы, суу сактагыч 900 метрден ашып толгондо, суу көпүрөнүн тосмолорунун үстүнө чыккан. Айылдын сыртындагы стратегиялык жол жаңы мамлекеттик чек арага өтө жакын болуп калат. Ал эми электр чубалгыларынын алдынан эки жыл мурда өзбек чек арачыларын көрүшкөн, алар кимдир бирөөлөргө «бул жер биздики болот» дешкенин айтып беришти. Бул чындыкка окшогонсуйт: анткени кийин биз спутник картасына 900-горизонталга контурду коюп көргөндө ал электр чубалгысы өткөн жер менен дал келди.

Ана-Кызылда өзбек чек арачылары көз боёмочудай болуп калган. Алтургай Бостон айылы тараптагы дренаджык каналды бойлоп жүрүшкөнүн көрүшкөн. А бул Кемпир-Абаддан бир топ эле алыс. Аларды ким киргизгенин жергиликтүүлөр билбейт, бирок бийлик суу сактагычты жашыруун берүүгө мурдатан эле даярдап жүрүшкөн деп тыянак чыгарып коюшкан.

Бул Ана-Кызылга Кызыл-Октябрдан кем эмес көйгөй алып келет — айылдын турмушу өзгөн күрүчү менен тарыхый байланышкан. Каналдын жээктеринде сокулар турат, күрүчтү эски ыкма менен тазалап, кургатышат. Мындай баалуу дан салынган каптар ар бир үйдө бар. Азыркы тапта килограммы 150 сомдон. Эгер Өзбекстан айдоо талааларын пайдаланууга тыюу салса, көпчүлүк дыйкандар жумуш издеп көчүп кетүүгө туура келет дешет дыйкандар.

900-горизонталь боюнча картага таянсак, Ана-Кызыл күрүч талаалардын бир топ бөлүгүнөн кол жууйт. Биз менен маектешкен дыйкандандын дээрлик бардыгы Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө карамача каршы. Бирок Кызыл-Октябрь жана Кароолдун тургундарынана айырмаланып, бул тууралуу ачык айтуудан коркушууда — айылдык кеңеш бир добуштан макул деп добуш берген.

«Өкмөт быйыл суунун көлөмү 900 метрге чыкканын, биз күрүч эккен жерлерге жетпегенин айтты. Жер маселелери боюнча даистер келип, бизге документтерди түшүндүрүп беришти. Биз аларга ишендик», — деп айтып берди атын жашыруун калтырууну суранган жергиликтүү депутаттардын бири. Кесиптештери менен 900-горизонталь кайсыл жерден өтөрүн өз алдынча текшеришкен да эмес.

Сүрөт: «Клооп»

Эмне болгон күндө дагы, Кемпир-Абад маселеси көпчүлүктү кыжаалат кылууда. Учурда, Кызыл-Октябрь айылынын депутаты Бектур Топчубаевдин айтымында, бир эле айыл өкмөттө 17 миң киши жашайт. Ал эми суу сактагычтан айланасында беш айыл өкмөтү бар.

«Биздин айылдын тургундары Өзгөндө [Садыр Жапаров менен] болгон жолугушууга барып келишти, — дейт ал. — Бирок, эч ким эч кандай канааттандырарлык суроо бере алган жок. Ал жерде 300 адам болсо, 20 адамды эле биздин айылдан киргизди. Эми 300 адам менен 20 адамды салыштыргыла, үнү канчалык угулат? Азыр көпчүлүгү түшүнбөсө, бир күн түшүнөт. [Кемпир-Абадды Өзбекстанга бергендер] жооп беришет».

Өзбекстандын жаңы чек арасы кандай өтөт — карта

Кыргызстандын президенти менен өкмөтү кол коюуга шашылып жаткан мамлекеттик чек арага байланышкан Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек. Бирок Өзбекстанга башка райондордогу жерлердин ордуна Кемпир-Абаддын чөйчөгү өтүп жатканы жана суу сактагычтын айланасындагы жаңы чек ара «900-горизонталдык контур» боюнча өтө турганы белгилүү. Бул — топографиялык каратада жерликтин рельфин деңгиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте курчап турган изолиния.

Жаңы чек аранын визуалдык көрүнүшүн алуу үчүн биз Кемпир-Абад суу сактагычынын картасындагы горизонталды белгиледик. Анан төмөнкүдөй карта келип чыкты.

Эскертүү: Бул картадагы чек ара сызыктары профессионалдык картографиялык изилдөөнүн жыйынтыгы эмес жана жүз пайыз так болбошу мүмкүн. «Клооптун» редакциясы Өзбекстан менен макулдашуу боюнча даярдыктын жүрүшүндө кыргыз бийлиги мына ушундай изилдөө жүргүзгөн жана өздөрү түзгөн картаны өлкөнүн тургундары менен бөлүшөт деп үмүттөнөт.

Топографиялык картада 900-горизонталь кызыл менен белгиленди. Азыркы мамлекеттик чек ара сыя түстүү сызык менен белгиленген. OpenStreetMap

Спутник картасына көчүрүлгөн 900-горизонталь. Google Maps

Үч дарыя, Куршабдын (солдо), Кара-Дарыянын (ортодо) жана Жазынын (оң жакта өйдөдө) куймасындагы талааларга түшүшүрүлгөн 900-горизонталь. Жергиликтүү тургундардын жакын жердеги айдоолору сары менен белгиленген. Google Earth

Кызыл Октябрь, Алга жана Правда айылдарындагы Куршаб булуңундагы Өзбекстандын болжолдуу чек арасы. Google Earth 3D

Мырза-Арык, Кароол жана Өзгөн шаарларындагы Кара-Дарыя булуңундагы Өзбекстандын болжолдуу чек арасы. Google Earth 3D

Ана-Кызыл жана Кеңеш айылдарындагы Жазы булуңундагы Өзбекстандын келечектеги болжолдуу чек арасы Google Earth 3D

Тема бонюча окуңуз: