«30 жылда мындай болгон эмес». Икрамов Азиза Абдирасулованын кармалышына нааразы болду

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышын сында алды. Улгайган аялды күн мурун төрт милиция кызматкери, ичип алган, сөгүп жатат жана митингге катышты деп айыптап күч колдонуу менен кармашкан.

«Биз негизи Конституцияга каршы ишти алып барып жатабыз. 39-беренеде жарандар өз нааразычылыктарын айтканга укуктуу деп турат. Бирок ошого карабастан жаш-кары, аялдарга карабастан [кармоолорго] ушул нерсеге барып жатабыз. Бул жакшы нерсе эмес. Бир топ аялдарыбыз камалып отурат. Отуз жылда мындай болгон эмес. Сөз эркиндигин сактап, Конституциянын чегинде иш алып барсак жакшы болот эле. Болбосо Түрмөнстандын Конституциясын алып келип кабыл алып берели. Анан ошого карап иш алып баралы. Мыйзам менен жашайлы же Түркмөнстандын мыйзамын алып келели», — деди Икрамов.

Абдирасулованын күч менен кармалышы

Милиция кызматкерлери Абдирасулованы 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу.

Милиция кызматкерлеринин бири 64 жаштагы укук коргоочуну мас болуп алып сөгүп жатат деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонуп жатканынын далили жок.

Алар укук коргоочуну түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып, мындан улам укук коргоочу жерге отуруп калган. Башында Абдирасулованы медициналык күбөлөндүрүүгө алып кетүүнү каалашкан, бирок ал жакка барбай милиция бөлүмүнө алып келишкен. Абдирасулова кармалуусун укук коргоочулук ишмердиги жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен саясатчылар тууралуу маалыматтарды чыгарып турганы менен байланыштырууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каршы административдик проток түзүлдү.

«Эртең сот болот болуш керек. Бүгүн коё берилди», — деп жазган укук коргоочунун кызы Гүлшайыр Абдирасулова. Ошондой эле ал, ИИБде апасына тез жардам чакыртылганын — укук коргоочунун артериялык кан басымы көтөрүлүп кеткенин билдирген.

Азиза Абдирасулова өзү «Азаттыкка» курган маегинде тагылган айыпка макул эместигин, актыгын соттоо коргоого даяр экенин айткан. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы нааразычылык акциясына катышпаганын, митингде байкоочу катары эле жүргөнүн кошумчалаган.