Азиза Абдирасулованы күчтөп унаага салып кеткен полковник ким?

15-ноябрда милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулованы «мас» деп айыптап, күч менен унаага салып кетти. 63 жаштагы Абдирасулованы колтуктан алып, жерге жатып калганына карабай сүйрөгөн орган кызматкерлерин Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев баштап жүрдү.

Андан мурда Ак үйдүн алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн. Азиза Абдирасулова өзү митингге катышпаганын, сырттан байкоо салып турганын айтууда. Түз эфирдеги видеолордо лозунгдарды кыйкырганы же колунда кармаган плакаттары көрүнбөйт.

Жеринен тартылган видеодо Тюкебаев Абдирасулова аны «билген намазыңды оку деп сөккөнүн» айтып, «оозунан арак жыттанып жатат» деп кайталайт. Ошондой эле өзү да укук коргоочуну түрткүлөп, ичкилик ичкенин күбөлөндүрүү үчүн алып кетүүнү буйрук бергенин көрүүгө болот. Андан соң күч кызматкерлери «баш ийбей жатат» деп Абдирасулованы кайгуул унаасына салып кетишти.

Азиза Абдирасулованы күчтөп унаага салып кеткен Тюкебаев соцтармактын колдонуучулары тарабынан кескин сынга алынып, «уят», «энелерди кордоду» деп нааразы болушту.

«Милиция акылынан айныды, улгайган аялды сүйрөп, аз келгенсип ичип алган деп айыпташууда. Ниязбеков башкарып турганда милиция деградация болгону айдан ачык», — деп жазды журналист Махинур Ниязова.

Полковник Тилек Тюкебаев буга чейин аялдардын укугу үчүн тынчтык митингинде жана «Путинизмге» каршы акцияда катышуучуларды кармоо операциясын жетектегени белгилүү.

Орусиянын Украинага кол салуусун сындаган митинг учурунда 25 активист кармалган. Митингчилерди кармоо учурунда тартылган видеолордо үн күчөткүч көтөргөн Тюкебаев «баарын салгыла, алып кеткиле» деп буйрук бергенин көрүүгө болот.

Тюкебаев деген ким?

44 жаштагы Тилек Тюкебаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган. 1999-жылдан тартып ички иштер органдарында эмгектенип келет. Бишкек шаарына которулганга чейин Жети-Өгүз РИИБнин башчысы болуп иштеген.

2021-жылдын май айында Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары болуп дайындалган. Бул кызматка алгач уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын ишинен улам кызматынан бошотулуп, кийин бул чечимди «мыйзамсыз» деп айтып чыккан Эрлан Атантаевдин ордуна келген.

Тюкебаевдин ысымы 2022-жылы да бир катар ЖМКда аталган. Анда Каракол шаардык милициясынын эки кызматкери сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн пара талап кылып, акча алып жаткан жеринде кармалган. Анда кармалгандардын бири полковник Тюкебаевдин уулу Баатырбек Тюкебаев экени айтылган.