Иллюстративдик сүрөт

Өлкөдө өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо башталды. Учурда мектептерде ата-энелерге жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептердеги ден соолукту чыңдоочу борборлордо эмдөө акысыз жүрүп жатат. Папиллома вирусу деген эмне жана эмдөөдөн өтүү эмне үчүн маанилүү экенин макаладан окуңуз.

Папиллома вирусу деген эмне?

Папиллома вирусу — жатын моюнчасынын рагын пайда кылат. Бул ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет жана кеңири таралган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт. Ал эми анын 300ү өлүмгө алып келет. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп таралган түрү болуп саналат.

Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагына чалдыккандардын 40%га чейинкиси өнүккөн стадиясында аныкталганын эске алганда, министрлик жатын моюнчасынын рагы менен ооруган бейтаптарды диагностикалоого, дарылоого жана кароого жыл сайын 500 миң АКШ долларын жумшайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча 560 миңден ашуун аял жатын моюнчасынын рагына кабылып, 300 миңден ашууну оорудан каза болгон. Аялдардын жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби — эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папиллома вирусу (HPV). Өнөкөт HPV инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө алып келет.

Эмдөөдөн өтүү эмне үчүн маанилүү?

Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын аларын белгилейт.

Бишкектеги иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова «Клоопко» курган маегинде учурда айрым ата-энелер туура эмес маалыматтарга ишенип, эмдөөдөн баш тарткан учурлар болуп жатканын айтты. Ал вакцинанын зыяндуулугу тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин белгиледи.

«Учурда “тукумсуздукка алып” келет жана башка деген ар кандай маалыматтарды кээ бир адамдар таратып жатат. Эмдөө — бул оорунун алдын алуу болуп эсептелинет. Ооруп калып дарыланууга караганда, алдын ала эмделип койгон жакшы», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинен вакцина башка препараттардай эле терс реакция берерин эскертишти. Вакцина алганда ийне сайылган жерде ооруу болуп, дене табы көтөрүлүп, баш ооруусу жана алсыздык болушу мүмкүн.

Бирок министрликтен бул реакциялар убактылуу экенин жана папиллома вирусу алып келчү ооруулардын алдында эч нерсе деле эмес экенин белгилешти.

Эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясы

Саламаттык сактоо министрлиги учурда адамды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясын ишке киргизген.

Call-центр күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин, төмөнкү номерлер боюнча иштейт:

0312 32-31-27; 0703-23-25-64; 0551-88-02-29; 0703-12-64-42.

Бул номерлерге байланышсаңыз, адистер сизге төмөнкүлөр тууралуу айтып беришет:

  • Адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө кампаниясы тууралуу;
  • АПВ деген эмне экенин;
  • Вакциналардын натыйжалуулугу;
  • Канча жашта эмдөө алуу керектигин;
  • Кыйыр таасирлери бар-жогу тууралуу.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясы ишке кирди