Кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясы ишке кирди

Саламаттык сактоо министрлиги адамды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясын ишке киргизди. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик басылмасы жазды.

Маалымдалгандай, call-центр күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин, төмөнкү номерлер боюнча иштейт:

0312 32-31-27; 0703-23-25-64; 0551-88-02-29; 0703-12-64-42.

Адистер төмөнкүлөр тууралуу айтып беришет:

  • Адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө кампаниясы тууралуу;
  • АПВ деген эмне экенин;
  • вакциналардын натыйжалуулугу;
  • канча жашта эмдөө алуу керектигин;
  • кыйыр таасирлери бар-жогу тууралуу.

Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги ноябрдан тартып өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы акысыз эмдеп баштоо пландалып жатканын билдирген болчу.

«Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө — бул алдын алуудан да артык нерсе. Бул жерде кеп өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагынан коргоп, алардын дени сак болушуна жана сергек жашоосуна мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип берүү жөнүндө болууда», — деп түшүндүргөн Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жатын моюнчасынын рагы — ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет, ал аялдардын арасында жайылган рактын түрүнүн төртүнчүсү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсептик маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат.

Министрликтен 11-14 жашка чейинки 300 миңге чукул өспүрүм кызды эмдөө пландалып жатканын кошумчалашкан.