«Энени кандай сыйлаганын көрсөтүп койду» — Бакиров Ташиевдин сөгүнгөнү тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламент жыйынында сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирди. Ал Ташиев «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айтты.

Депутат бул окуяга эл өз баасын берерин белгилеп, «мамлекеттик жетекчи мындай сүйлөбөшү керек» деп билдирди.

«Суроо берсем эмоцияга алдырып, кополураак жооп берди. Ошол жерде [Ошто] Керкидан суу сактагычы бар. Аны “кемчиликтер кетиптир” деп өзү деле айтты. Ошол кемчилик кетирген жетекчилердин атын атап койбойсузбу десем, ошол жерден башталып кетти. Ал жерде өйдө-ылдый болду. Кабинетке келип, видеодон карап отурсак эле сөгүнүп жатпайбы. Бул намыска тие турган, ашыкча [сөз] болуп кетти», — деди ал.

Ташиев Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен тартыша кеттип, аны трибунадан «энеңди сигейин» деп сөккөн.

Кайым айтышуу Бакиров суу кыргыз тарапка керек экенин айтып, Ташиевге «өзбек тарапка Кемпир-Абадга сол жээк каналды эмне үчүн курбай жатасыңар деп суроо салдыңарбы» деп кайрылгандан кийин башталган.

Анда Ташиев суу чынында керек экенин айтып, бирок бүгүнкү күндө каналдын курулушу «эки тарапка тең максатсыз болуп калды» деп жооп берген. Андан соң УКМКнын башчысы депутатка «сиз айткан сөздү аткара тургандай сиз ким экенсиз?! Жазып бериңиз!» деп эскерткен.

Отурумда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин тактоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюна макулдашуу каралып, үч окууда тең кабыл алынган.

Тема боюнча:

«Энеңди сигейин». УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду сөктү