«Энеңди сигейин». УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду сөктү

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен тартыша кетти. Анда ал Бакировду трибунадан «энеңди сигейин» деп сөктү.

Отурумда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин тактоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюна макулдашуу каралып, үч окууда тең кабыл алынган.

Бакиров суу кыргыз тарапка керек экенин айтып, Ташиевге «өзбек тарапка Кемпир-Абадга сол жээк каналды эмне үчүн курбай жатасыңар деп суроо салдыңарбы» деп айтты. Анда Ташиев суу чынында керек экенин айтып, бирок бүгүнкү күндө каналдын курулушу «эки тарапка тең максатсыз болуп калды» деп билдирди.

Кийинчерээк Бакиров «буга чейин Керкидан суу сактагычынын маселесин чечүүдө бир топ катачылыктар кеткенин айткансыз, ошол чечимдерди ким кабыл алыптыр» деп суроо салды. Анда Ташиев «суроону буга чейин бергенсиз» деп, аны «арыз түрүндө жазып жибериңиз» деп айтты.

Бул учурда Бакиров менен Ташиев тартыша кетип, УКМКнын башчысы депутатка «сиз айткан сөздү аткара тургандай сиз ким экенсиз?! Жазып бериңиз!» деп эскертти.

Мындан улам Бакиров трибунага чыгып, «бул жерде мен тууралуу сөз болуп жаткан жок, сөз жер-суу боюнча болуп жатат, мени керек болсо бышырып жегиле» деп Ташиевге жооп кылды.

«Бышырып жегидей сиз кекиликсизби? [...] Өзүң айтып жатпайсыңбы мени бышырып же деп! Ким сени бышырып жейм деп жатат? [...] Эмнени убакыт көрсөтөт экен? Эмне коркутасың? Энеңди сигейин…», — деди Ташиев Бакиров менен тартышып жатып.

17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу үч окууда кабыл алынды.