Токтогул: Медициналык борбордун башчысы коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 19-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун жетекчиси пайда көрүү максатында подрядчы келишимдин шарттарын аткарбаса дагы иш актыларына кол коюп берген. Анын кесепетинен мамлекетке бир миллон сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик бюджетке ири суммадагы зыян келтиргенин аныктаган.

Ишкананын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери 2020-2022-жылдар аралыгында товардык-материалдык запастын эсебин жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүнү атайын камсыз кылышкан эмес. Жыйынтыгында бюджетке 74 миллион 028 миң сомдук зыян келтирилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 124-орунда болчу.