«Бишкек жарык» ишканасы мамлекетке 74 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик бюджетке ири суммадагы зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу 11-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери 2020-2022-жылдар аралыгында товардык-материалдык запастарынын эсебин жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүнү атайын камсыз кылышкан эмес.

Басма сөз кызматтан мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында бюджетке 74 миллион 028 миң сомдук зыян келтирилгендиги аныкталганын баса белгилешти.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлери мамлекетке бир миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги аныкталган.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр атайын тактикалык машыгууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарын кымырып алган.